17 миң долларга кантип эки кабат үй курса болот? Кыргызстандагы канадалык ыкма

© Фото / предоставлено Уларбеком БакырдиновымСтроительство жилых домов из СИП панели в Бишкеке
Строительство жилых домов из СИП панели в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-3 жылдан бери Кыргызстанда СИП панель, башкача айтканда, канадалык технология менен үйлөр курула баштады. Тез убакытта бүткөн тамдар учурда Бишкек шаарынан тарта алыскы Ат-Башы райондоруна чейин салынууда.

СИП панель менен салынган үйлөр кирпич же темирден курулган тамдардан эмнеси менен айырмаланат? Канча каражат керектелип, кайсы убакытта бүтөт? Башкысы анда жашоо канчалык коопсуз? Суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп издеп көрдү.

Канадалык технология менен үй салууда негизи материал катары СИП панель колдонулат. СИП панель бул — ОЗВ-3 жыгачтарынын ортосуна пенополистирол коюлуп, эки компонентүү клей менен чапталган курулуш материалы. Башкача айтканда, үйдүн дубалы толук ошол панель менен тургузулат.

© Фото / предоставлено Уларбеком БакырдиновымКыргызстандагы СИП панель менен салынган турак үй
Строительство жилых домов из СИП панели в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы СИП панель менен салынган турак үй

Жыгач үй же СИП панель менен там салуунун жол-жобосу:

СИП панель менен имарат куруу компанияларынын биринин прорабы Акматбек Мамбетакунов жыгач үйлөр кандай куруларын түшүндүрүп берди:

— жыгач үйдүн пайдубалы кадимки үйлөрдүкүнөн эч нерсеси менен айырмаланбайт. Аны курууда шагыл жана цемент колдонулат, бирок бир айырмачылыгы — пайдубал кирпичтен же топурактан салынган үйлөрдүкүндөй калың жана чоң болбойт. СИП панелден салынуучу үйгө ичке пайдубал куюлат;

— андан соң фундаменттин үстүнө 15Х5 см болгон тактайлар анкердик болттор менен бекитилип, ага панелдер отургузулуп, сыртынан да, ичинен да буроолор менен бекийт. Үйдүн негизги дубалдары тургузулган соң бөлмөлөр аралык панелдер коюлат. СИП панелди полго да төшөөгө болот, мындан улам тикесинен турганда 10 тоннадан, ал эми жалпагынан жатканда 2 тоннадан ашык жүк көтөрө алат. Эки кабаттуу үй салынгыдай болсо, үстүңкү кабаты же чатыры да жыгач панель менен тургузулуп кете берет;

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЭки кабаттуу үй салынгыдай болсо, үстүңкү кабаты же чатыры да жыгач панель менен тургузулуп кете берет
Строительство жилых домов из СИП панели в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эки кабаттуу үй салынгыдай болсо, үстүңкү кабаты же чатыры да жыгач панель менен тургузулуп кете берет

— жыгач панелдер тургузулган соң бөлмөлөрдүн ичиндеги дубалдарга гипсокартон бекитилет. Электр зымдары гипсокартонго кошо коюлуп кетет;

— шыбактан кийинки шпатлевка үй ээсинин каалосуна жараша болот;

— полго каражатка жараша паркет, ламинат же линолеум төшөлүп, керме шып тартылат (натяжной потолок — ред.);

— үйдүн сыртына темир торлор коюлуп шыбалып, андан соң үй ээси каалагандай кооздоп алат.

Үй салууга канча каражат кетет

СИП панель менен имарат куруу компанияларынын биринин жетекчиси Уларбек Бакырдиновдун айтымында, бул технология менен үй салуу кирпич менен там куруудан кыйла арзан.

"76 чарчы метр мансард түрүндөгү үйдү ички жасалгасы, жуунучу жай, ванна жана башка майда-чүйдө иштери менен толук 19 000 долларга бүтүрүп алса болот. Башкача айтканда, эгер үйдүн дубалын тургузуп чатырын эле жаап берсе 1 чарчы метр жер 150 долларга, ал эми ичи-тышын толугу менен бүтүрүп, жасалгаласа 1 чарчы метри 250 долларга бааланып калат", — деди Бакырдинов.

Мансард түрүндө салынган үй
Мансард түрүндө салынган үй - Sputnik Кыргызстан
Мансард түрүндө салынган үй

Тез бүткөн үйгө кызыккандар

Бакырдинов учурда мындай үйлөрдү курууга кызыккандар көбөйүп, буйрутмалар алыскы Ат-Башы райондорунан бери түшүп жатканын кошумчалады.

Курулуп жаткан үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека: жашың өтүп баратса, үйдөн үмүт кылба...
"Биринчи объектибизди 2016-жылы декабрь айында Кемин районуна турак үй кылып куруп бергенбиз. Андан кийин Ысык-Көл облусунда эс алуу жайларын салдык. Кара-Балта шаарына колунда жокторго бекер 35 батир салып бердик. Ошондой эле аймактарга ушул технология менен ФАПтарды куруудабыз. Учурда Бишкек шаарына үч турак үй жана кеңсеге ылайыктап имараттар салынып жатат. Бул технологияга кызыгып алыскы Ат-Башыдан буйрутмалар түшүүдө. Ал жакта да жайлоого эс алуу жайын куруп баштадык", — деди Бакырдинов.

Бишкек шаарынын тургуну Манас Сталиев бир жыл мурун СИП панелден эки кабаттуу үй салдырган. Учурда ал жакта ичи толук бүтпөсө дагы үй-бүлөсү менен жашап жатат. Айтымында эки кабаттуу үйгө алар бир ай аралыгында эле кирип кетишкен.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваКанадалык технология менен Бишкек шаарынын чок ортосуна кеңсе катары салынып жаткан имарат
Строительство жилых домов из СИП панели в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Канадалык технология менен Бишкек шаарынын чок ортосуна кеңсе катары салынып жаткан имарат

"184 чарчы метрлик эки кабатуу үй болгону 17000 долларга бүттү. Ага кошумча өзүнчө жер төлөөсү да бар. Жакшысы бир айдын ичинде эле даяр болуп калды. Акча каражатыбыз жетпей калгандыгына байланыштуу ичи, тышын толугу менен жасатып бүтө элекпиз, ага карабай бир кыштадык. Сууктан эки жылыткыч менен эле чыктык", — деди Сталиев.

Артыкчылыгы

Прораб Акматбек Мамбетакуновдун айтымында, мындай үйдүн артыкчылыгы кышында жылуулукту сактап, жайкысын үй ичин салкын кармайт.

"Кирпич менен үй салганда анын сыртынан кайра пенопласт менен жылуулап жатпайбызбы. Ал эми СИП панель бир эле учурда дубалдын да милдетин аткарып, жылуулукту да сактайт", — деди прораб.

Ал мындай үйлөр жер титирөөгө да туруктуу келерин айтып, тез арада бүтөрүн кошумчалады.

© Фото / предоставлено Уларбеком БакырдиновымӨлкө аймагына СИП панель менен курулган ФАПтын ичи
Строительство жилых домов из СИП панели в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өлкө аймагына СИП панель менен курулган ФАПтын ичи

"Кирпич, монолит, темирден курулган үйлөр бар. Аларга салыштырмалуу СИП панель менен үйлөр бат салынат. 1,5-2 ай ичинде бүтүп калат. Бөлмөлөр аралык үндөр темир үйлөргө салыштырмалуу угулбайт. Мындай тамдар жеңил болуп, конструкция сыяктуу салынгандыктан боз үй сыяктуу чечип көчүрүп кетсе болот", — деди Мамбетакунов.

Кемчилиги

СИП панель менен үй куруу боюнча азырынча Кыргызстанда мыйзамдык норма жок. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалымат катчысы Эсен Ташкараевдин айтымында, жаңы конструктивдик материалдарды курулушта колдонуу үчүн алар атайын текшерүүдөн өтүшү керек.

"Мыйзамга ылайык, СИП панель мамлекеттик курулуш агенттигинин эксперименталдык текшерүүсүнөн өтүшү зарыл. Бүгүнкү күнү курулуштагы бул жаңы материал текшерүүдөн өтө элек", — деди Ташкараев.

Улица Аалы Токомбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Быйыл жазда турак жай менен унаа кымбаттайбы? Серепчилердин пикири
Ошондуктан мындай үйлөрдүн документтерин мыйзамдаштыруу укуктук нормативдик актылар менен бекитилген эмес. Бирок СИП панелден үй салган компания өкүлдөрүнүн айтымында, алардын Кыргызстандын аймагында ушундай технология менен үй курууга уруксат берчү сертификаты бар.

Жыгач менен үй салууда элди кооптондурган дагы бир меселе бул — өрт. Аталган технологияны Кыргызстанга алып келген компания үй курууда атайын өрткө туруштук бере алган ОЗВ-3 жыгачтары колдонуларын белгиледи. Ошондой эле ОЗВ-жыгачтардын ортосуна пенополистирол коюлуп, өрткө каршы антиприен деген химиялык элемент чачылары айтылды.

Жыгач үйдү чычкан аралайт деген да кооптонуу болушу ыктымал. Бирок ОЗВ-3 жыгачы тактайдын ийне сыяктуу калдыктарынан чогултулгандыктан аны чычкан жей албай турганын компания өкүлдөрү кошумчалап кетти.

Кыргызстанда контейнерден салынган да үйлөр бар. Темирден үй кургуңуз келип жүрсө, жол-жобосу менен жазылган материалга көңүл буруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0