21:44 21 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2377
  • EUR79.4389
  • RUB1.0748
Бейтап. Архив

Калдуу адамдар тери рагына көп чалдыгабы? Онкодермотолог оору тууралуу

© Sputnik / Александр Кряжев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
136110

Кыргызстанда тери рагы онкологиялык оорулардын ичинен 7-8 орунда турат. Башкача айтканда, жылына 3000ден ашык бейтап онкологиялык илдет менен кайрылса, ошонун 10-15 пайызы тери рагына кабылгандар.

Тери шишигине чалдыккандардын саны аз болгону менен оору өтүшүп кетсе ички органдардын рагына алып келет. Илдеттин себеби, дарылоо жана алдын алуу жолдору тууралуу Улуттук гематология жана онкология борборунун дарыгер-онкодермотологу Алмаз Якубов жооп берди.

Врач-онкодерматолог Алмаз Якубов. Архивное фото
© Sputnik / Гульдана Талантбекова
Улуттук гематология жана онкология борборунун дарыгер-онкодермотологу Алмаз Якубов

Оорунун себеби

Теринин рагы — бул шишик. Илдетке радиация, иммунитеттин төмөндөшү, вирус, химиялык заттар, мелланома (калдын туура эмес өсүшү — ред.) жана башкалар себеп болот.

Тери рагына улгайган кишилер көбүрөөк чалдыгат. Себеби жаш өткөн сайын адамдын иммунитети төмөндөп, тери сапатын жоготот.

Калы көп адамдарда тери рагына чалдыгуу коркунучу чоң. Айрым учурда кал туура эмес өсө баштайт. Четтери карайып, канап, түсү өзгөрүп, анан териде шишик пайда болот. Өтүшүп кетсе, без аркылуу өпкөгө, бөйрөккө, мээге өтөт. Ооруну көз жаздымда калтырса өлүмгө алып келет. Тери рагы жугуштуу эмес, бирок тукум кууйт.

Диагноз коюу, дарылоо жолдору

Илдет дермотоскоп аппараты менен текшерилет же цитология (клетка микроскоп менен каралат) жана гистология (ткань аркылуу) жолдору менен аныкталат.

Диагноз коюлгандан кийин операция жасалып, шишик алынат. Ошондой эле нур терапиясы аркылуу шишикти күйгүзүүгө болот. Оору өтүшүп кеткенде химия жолу колдонулат. Мында бейтапка кан тамырлар аркылуу дары жиберилет.

Дарттын алдын алуу үчүн дарыгердин кеңеши

— Иммунитети чыңдоо;

— Дененин өйкөлгөн жерлеринде (колтук, чат, бел, моюн, баш) кал болсо, алдырып койгон жакшы;

— Химиялык тамаш-аш, заттардан алыс болуу;

— Күнгө ашыкча күйбөө;

— Гигиенаны сактоо, денени таза кармоо;

Тема боюнча

Эркектер боор рагына көбүрөөк кабылат. Себеби эмнеде?
Ашказан рагын айыктырса болобу? Онкохирург оорунун себеби, алдын алуу тууралуу
Белгилер:
тери, рак, медицина, Алмаз Якубов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ