Сапар Исаков: ЖКККББ деген сөздү мага Болот Ибрагимов үйрөттү

Жазылуу
Өкмөттүн жыйындарынын биринде премьер-министр активисттер милиция кызматкерин шылдыңга алганын айтып сындаган

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Биз Болот Ибрагимов сыяктуу активисттердин арты менен түзөлүп жатабыз. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков "Таза коом" долбоорун ишке ашыруудагы алдын ала жыйынтыктар тууралуу презентация учурунда билдирди.

Исаков бийликке сын айтып турган ЖМК жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип өттү.

"ЖМК менен бейөкмөт уюмдарына кайрылгым келет. Силер бизди сындап туура кыласыңар. Мындан ары дагы критика айтып тургула. Бүгүн биз ЖКККББ тууралуу сүйлөштүк. Баса, бул сөздү (ЖКККББ) мага жаш активист Болот Ибрагимов үйрөттү. Болот Ибрагимовдой жигиттер да биздин өлкөгө керек. Анткени алар мамлекеттик органдардын көңүлүн көйгөйлөргө буруп турат. Бардык нерсени туура жасаш керек. Сиздерге чоң рахмат!" — деди премьер.

Бишкекке коюлган акылдуу камера - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин көчөлөрүнө коюлган "акылдуу" камералардын көрүнүшү. Сүрөт
Эске салсак, буга чейин Сапар Исаков Болот Ибрагимов интернетке жүктөгөн видеого сын айткан болчу. Өкмөттүн жыйындарынын биринде премьер активисттер милиция кызматкерин шылдыңдап жатканын айтып, "МАИ кызматкерлери" деген сөздү колдонгон. Ал эми Ибрагимов өзүнүн видео жообунда Кыргызстанда МАИ деген структура жок экенин белгилеген.

Мамлекеттик авто инспекция (МАИ) 2008-жылга чейин иштеген. Ал эми 2017-жылдын аягында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) болуп өзгөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0