"Макмалдагы" өрт. Милиция кылмыш ишин козгоду

Жазылуу
Укук коргоо органдары аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунда болгон окуя боюнча кылмыш иши козголгонун Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Эске салсак, Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын комбинатынын алдына митингге чыккан эл анын жанына курулган "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасынын курулуштарын өрттөп жиберген болчу.

"Митинг чыккан аймактагы элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөк. Бирок ага жеткирбей эле эл комиссия мүчөлөрү менен коомдук тартипти сактап жаткан милицияны көздөй таш ыргыта баштаган. Жаш жигиттер "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасынын курулуштарын талкалап, өрт коюшкан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234 (бейбашчылык), 174 (башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу) жана 233-беренелер (массалык башаламандык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0