Ажылыкка барам дегендер акчасын 13-апрелге чейин төлөшү керек

© REUTERS / AHMED JADALLAHЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Быйыл ажылыкка баруу үчүн бардык талаптарды аткаргандар сарптала турчу бардык чыгыммын 13-апрелге чейин төлөшү керек. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

"2018-жылдагы ажылык сапарына барууну максат кылып, аймактык кезекке туруу үчүн 500 доллар жана 1000 сом төлөп, документтерин талапка ылайык толук тапшырып, электрондук тизмеге катталып, ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер 2890 АКШ долларынан калган 2390 АКШ долларын 13-апрель күнү РСК банкынын иш убактысы бүткөнчө төлөөсү зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Муфтият андан сырткары, эгерде жарандар ажылык үчүн бардык төлөмдөрдү көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирген учурда тизмеден четтетилерин эскертет.

Белгилей кетсек, 2018-жылдагы ажылыктын баасы 2890 АКШ долларын түзгөн.

Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0