Автобус, троллейбустарда жол кире эми айдоочуга төлөнбөйт. Жаңы система

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАвтобустагы турникет. Архив
Автобустагы турникет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саамалык коомдук унаадагы жол кире төлөөнү жеңилдетмекчи

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Быйыл коомдук унаа үчүн электрондук билет системасы ишке кире турганын Мыкты муниципалдык практиканын эл аралык форумунда Бишкектин мэри Албек Ибраимов билдирди.

Иш-чара Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен Россиялык шаарлардын союзу тарабынан уюштурулган.

"Электрондук билет — билет сатып алуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Мобилдик балансты толуктаган сыяктуу эле. Мындай терминалдар жаңы аялдамаларда болот. Жаңы автобус менен троллейбустарга чыгарылып жаткан заводдон эле билет санай турган жабдуулар орнотулуп келет", — деди мэр.

Шаар башчысы июль айында жолго 52 жаңы троллейбус чыгарын, ал эми сентябрда газ менен иштей турган 150 автобус ишке кирерин белгиледи.

Мэриянын маалымат кызматы электрондук билет системасы коомдук жаңы унаалардын чыгышы менен иштей баштаарын түшүндүрүп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0