Таанылгыс болот! Түркия Бишкектеги "Ата түрк" паркын реконструкциялайт

© Sputnik / Акылбек Батырбеков"Ата түрк" паркынын көрүнүшү. Архив
Ата түрк паркынын көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Түркия мамлекети менен Бишкек шаардык мэриясынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Түркия калаадагы "Ата түрк" паркын реконструкциялайт. Бул тууралуу түрк дүйнөсүндөгү муниципалитеттер кеңешинин башкы катчысы Фахри Солак мыкты муниципалдык практикалардын эл аралык форумунда билдирди.

Анын айтымында, Түркия мамлекети паркты оңдоо иштерине грант түрүндө болжол менен 500 миң доллар бөлөт. Так сан тендерден кийин маалым болот.

"Реконструкциялай турган жердин аянты 10 гектар. Паркка балдар ойной турган жана спорттук аянтчалар, бассейн салынып, пикник үчүн отургучтар коюлуп, жарык орнотулат. Жалпы жонунан сейил багын кийин тааныбай каласыңар", — деди Солак.

Четинен кертилип жаткан Ата Түрк паркы. Гүлбактын азыркы көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Четинен кертилип жаткан "Ата-Түрк" паркы. Гүлбактын азыркы көрүнүшү
Солак долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын макулдуганан кийин эле иштеп баштай турганын баса белгилеп кетти.

Ошондой эле ал түрк грантынын эсебинен 300 миң долларга Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында мечит курулганын да кошумчалап өттү.

Эске салсак, "Ата түрк" паркы 1958-жылы Илимдер академиясынын дендропаркы катары пайда болгон. 1963-жылы Кыргыз ССРинин токтомунун негизинде Ала-Арча дарыясынын сол жээгинде студенттердин жардамы менен "Достук" деп аталган эс алуу жана маданият паркына айланган. 1972-жылы аталышы "СССРдин 50 жылдыгы" деп өзгөргөн. Ал эми 22 жыл мурда Түрк лидери Ата түрктүн ысымы берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0