Исаков Текебаевдин камерасынан видеокөзөмөлдү алып салууну тапшырды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүӨмүрбек Текебаев. Архив
Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул маселени 10-апрель күнү парламенттеги комитет жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов көтөрүп чыккан

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков экс-депутат Өмүрбек Текебаев жаза өтөп жаткан камерадагы видео көзөмөлдү алып салуу боюнча маселени мыйзам чегинде карап берүүнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаровго тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган маселени 10-апрель күнү парламенттеги комитет жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов көтөрүп чыккан.

"Таалайбек Жапаров экс-депутат Өмүрбек Текебаевге байланыштуу бул масеге оң жагына чечилип, көзөмөл камерасы ал жаза өтөп жаткан бөлмөдөн сыртка чыгарыларын айтты", — жеп жазылат билдирмеде.

Ал көзөмөл камералары мыйзам боюнча жаза өтөп жаткан адамдын коопсуздугу үчүн соттолуучулар жаткан бөлмөлөргө орнотулганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0