Медреседе окуган жаштар кошумча кесип үйрөнүүдө

© AFP / NOAH SEELAMДиний китеп окуп жаткан окуучу. Архив
Диний китеп окуп жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кесип үйрөнгөндөрдүн алды иштеп, жумуш менен камсыз болууда.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Чүй облусунун Кең-Булуң айылында "медресе жаштарын кесиптерге окутуу" долбоорунун алкагында 40 окуучу "электрик монтаждоочу" кесибин окуп, колдоруна сертификат алышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган долбоордун менеджери Нарынбек Кыдыргычев билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун негизинде кесип үйрөнгөндөрдүн алды иштеп, жумуш менен камсыз болууда.

Мечеть Айя Софья в Ганновере, на севере Германии - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: диний окуу жайларына бакалавр, магистратура деңгээлдерин киргизүү керек
"Бул кесипти үйрөнүп алып, монтаждоо иштерин жакшынакай жасап берип, акча тапса болот. Жок эле дегенде өз үйүнө, кошунасыныкына электр зымын киргизип, майда-чүйдө жумуштарды оңой эле жасап алат. Балдар 1,5 ай ичинде окуп, үйрөнгөн тажрыйбаларын көрсөттү. Биздин максат — чоң-чоң ишканаларда иштебесе дагы үй ичиндеги электр өткөргүчтөрүн монтаждоону үйрөтүп, элге кызмат көрсөтүп, жумуш таап кетишине шарт түзүп берүү. Монтаждоо иштерин аткарып, үч күндүк практикага да барып келишти. Буга чейин дагы 43 бала окуп бүтүп кеткен", — деди Кыдыргычев.

Белгилей кетсек, аталган курс Кең-Булуң айылында 2015-жылы ачылып, балдар эки айдын ичинде "электрик монтаждоочу" кесибин үйрөнүп бүтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0