КР жаранынын атылышы: кыргыз-өзбек чек ара кызматтарынын башчылары Ташкентте жолукту

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesЧек арачы. Архив
Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын окуяны дыкат териштирип чыгуу тапшырмасынын негизинде өткөрүлгөн

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кечээ, 9-апрелде, Ташкентте Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Өзбекстандын чек ара кызматынын жетекчи орун басары Руслан Мирзаев менен жолугуп чек арада набыт болгон кыргыз жараны боюнча сүйлөшүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Исаков Өзбекстан премьери менен чек арадагы адам өмүрүн алган окуя боюнча сүйлөштү
Эскерте кетсек, 7-апрель күнү Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кербен бекетинин тилкесинде белгисиз себептерден улам өзбек чек арачылары Курулуш айылынын тургунуна Мамай айылына бара жаткан жеринен ок чыгарган. Алган жаракатынан кыргызстандык жаран Кербен шаарындагы ооруканада жан берди. Чек ара кызматы маркумга ок тийген маалда ал Кыргызстандын аймагында болгонун белгилеп жатат.

Жолугушуу эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын окуяны дыкат териштирип чыгуу тапшырмасынын негизинде өткөрүлгөн. Андан соң эки тараптан түзүлгөн делегация кырсык катталган Аксынын Мамай айылына келишкен.

"Кыргыз тарап жыл башынан бери чек арада турган өзбек аскерлери тарабынан курал колдонуу фактысы эки жолу катталганын баса белгиледи. Ошондой эле ок чыгаруу эң акыркы кадам болушу керектиги айтылып, чек арачылардын көз алдында мамлекеттик чек араны бузуу учуру катталса курал колдонууга тыюу салуу макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.

Окуяны териштирүү боюнча эки тараптан биргелешкен жумушчу топ түзүлдү. Апрель айынын аягында кыргыз-өзбек чек арачылары өз ара кызматташуу боюнча кеңейтилген жыйын өткөрмөй болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0