Менин сүрөтүмө эмнеге "лайк" койбойсуң?! Соцтармактагылар кыжырды кайнатканда...

© AFP / GERARD JULIENFacebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив
Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Facebook, Instagram, "Одноклассники"... Күндө угуп, кирип, убакыт өткөрүп, маалымат алып, ал тургай жашообуздун кичинекей болсо дагы бир бөлүгү кылып алган социалдык тармактар.

Интернетсиз оокаты өтпөгөндөр билип-билбей эле өздөрүнө кандайдыр бир образ түзүп алып, ошону менен элдин маанайын кээде көтөрсө, бир учурда итатайды тутултат.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги социалдык тармактарда кылык-жоругу менен элдин кыжырын келтирген колдонуучуларды тизмектеп чыкты.

Празднование Нооруза на окраине Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Күйөөңдү эч ким тартып албайт... Аяш келиндер кыжырды кайнатканда
"Акылдуулар". Бул жашоодо алардан билимдүү, алардан көптү билген жан жок. Кандай гана тема болбосун чемичкедей "чагышат". Башкаларды тегиз сынга алып, өздөрүнө чаң жугузбайт.

*Кыпчылгандар. Эмне жөнүндө сөз болуп жатканын жөндөп түшүнбөсө дагы жок дегенде бир сөз айтып калышы керек. Мындайлар тааныбаган адамдын дарегине деле ар кандай сөздөрдү айтып кое берет. Анысы жылуу сөз болсо жакшы да, кээде тизеден өйдө юбка кийген кыздын сүрөтүн карап туруп, өмүрүндө биринчи жолу көрүп атканына карабай, анын абийирине опоңой шек келтирип кое алат.

*"Лайк" сурамчылар же таарынчаактар. Сенин алардын жазгандарын, сүрөттөрүн карап, пикир жазып отургандан башка ишиң жоктой. Андан дагы жолуккан жерден "Сүрөттөрүмө лайк коюп койсоң боло" деп таарынып алганда таңгаласың. Айрымдары уялбай эле, менин постумду бөлүшүп кой деп коколоп турат.

*Жарнамачылар. Булар "лайк" сурамчылардан дагы өтүп кетет. Жайына койсоң, сени рекламалык менеджер кылып алат. Дайыма алардын постторун бөлүшүп, пикир жазып турушуң керек.

*Жеке турмушун жар салгандар. Үйгө кирдим, чыктым, оозума тамак салып атам, күйөөм жумуштан келди, кызым жыгылып кетти дешет… айтор, ажатканага барганын эле жазбаса керек. Соцтармактарды карап отурсаң, кээ бир колдонуучулар менен чогуу жашап жаткандай эле болосуң. Эмнеге жеке жашоо дейбиз, анткени ал силердин гана жашооңор, башкаларга кызык эмес. Суук сөз, суук көздөн деле абайласаңар боло.

Көчөдө бараткан кыз жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулак-мээни жебегилечи! Келинчек кыжырды кайнатканда
*Бир ракурстагы сүрөтүн сала бергендер. Мындай адамдар "Ош" базарына барса деле, Дубайда жүрсө деле өздөрүн сүрөткө бир эле ракурстан тартышат. Баракчасында бири-бирине коендой окшош сүрөттөрү толтура. Фантазияны бир аз бош койгулачы, бай болгурлар.

*"Жылдыздар". Соцтармак алар үчүн, алар соцтармак үчүн жаралгандай. Мындайлар уйкудан ойгонгонунан тарта, коомдогу кайсы бир маселеге болгон көз карашына чейин башкаларга абдан кызык деп ойлошот. Айрым учурда жашоодон тажаган немедей мен социалдык тармактан кеттим деп этектей кылып коштошуу катын жазат. Балээсинеби, айланчыктап кайра келет.

*Асан кайгылар. Көйгөйү такыр түгөнбөгөндөр. Булар түшкөн маршруткадан бири экинчисине орун бошотпойт, ооруканага барса, кезек жетпей калат же анын көзүнчө кошунанын итин ит атарлар атып кетишет. Жадагалса эки ырчы чатакташса дагы ошол кишинин жүрөгү аркылуу "өтөт". Туугандар, жашоону татаалдаштырбайлычы!

Жаңылыктар түрмөгү
0