Алып баруучу Байсаева менен маек: күйөөм экөөбүз жашоону эми түшүнө баштадык...

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист жана алып баруучу Элвира Байсаева
Журналист жана алып баруучу Элвира Байсаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле санариптик телеканалдардын катарын Prime аттуу телеканал толуктады. Жаңы команданын ичинде журналист, алып баруучу Элвира Байсаева да бар. Чыгармачыл жолун ЭлТР телеканалында катардагы кабарчыдан баштаган журналист жаңылыктар бөлүмүн да жетектеп жүрдү.

Байсаева кесиби, үй-бүлөсү жана кызылча отогон балалык күндөрү тууралуу алып баруучу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ачылып айтып берди.

— Жаңы ачылган Prime телеканалы тууралуу айтып берсеңиз?

— Аталган телеканал буга чейин "Ош Пирим" деген аталышта Ош аймагында чыгып жүрчү. Азыр бул канал Prime деген аталыш менен өлкөнүн бардык аймагында көрсөтө баштады. Башкы кеңсебиз Бишкек шаарында жайгашкан, команда да жаңы. Мен "Акыбет" деп аталган автордук программаны алып чыгып жатам. Анда өз күчү, өз эмгеги менен бир ишти баштап ошонуну акыбетин көрүп жаткан адамдар тууралуу баяндалат. Мындан тышкары "Prime ринг" деген талкуу иретинде программабыз бар. Анда конокторду чакырып ар түрдүү маселелерди талкуулайбыз. Ошондой эле бир жума жаңылыктар бөлүмүндө жооптуу редактордун да кызматын аркалайм.

— "Акыбет" аттуу берүүңүздө таң калтырып, таасирленткен каармандар көп болсо керек?

— Долбоор жакында эле чыккандыгына байланыштуу эки-үч эле каарманды тарттык. Бирок ар бири өзгөчө адамдар. Алсак, айыл жеринде бир эле тигүү машинасы менен чапан тигип үй-бүлөсүн баккан аял. Чапандарын шаарга жөнөтүп, 50 жаштан өтүп калса да Инстаграм баракчасы аркылуу буйрутма алып иштейт экен. Дагы бир кулагы кичинесинен эле укпай калган бала унаа оңдоп иш кылат экен. Анын максаты — элден кем калбай ал тургай элден ашып оокат кылуу. Мындай адамдарды көрүп, башкалар ойлонуп, кыймалдаса керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлвира Байсаева: телекөрсөтүү тармагында эң алгачкы ишим ошол ЭлТРден башталган. Ал мен үчүн куттуу жер. Жети жылдык өмүрүм дал ошол телеканалда өтүптүр
Корреспондент и ведущая телеканала Prime Элвира Байсаева - Sputnik Кыргызстан
Элвира Байсаева: телекөрсөтүү тармагында эң алгачкы ишим ошол ЭлТРден башталган. Ал мен үчүн куттуу жер. Жети жылдык өмүрүм дал ошол телеканалда өтүптүр

— Каармандарды кайдан табасыңар?

— Элдин ичинен издейбиз, сураштырабыз, Инстаграм социалдык тармагы аркылуу табабыз. Азырынча канал жаңы иштеп жаткандыктан Бишкектен, жаңы конуштардан жана Чүй облусунун  кээ бир райондоруна барып жатабыз. Бирок алдыда өлкөнүн аймактарынын баарын кыдырабыз деген ниет бар.

— Биз билгенден көп убакыттан бери ЭлТР телеканалында иштеп, жаңылыктар бөлүмүндө редактор болуп келгенсиз. Ал жактан кетип калууңузга эмне себеп болду?

Заслуженный деятель культуры, диктор Гульшан Молдоева - Sputnik Кыргызстан
Гүлшан Молдоева: "Арноо концертинен" кетем деп көп ирет түйүнчөгүмдү түйгөм
— Чындап эле бир жерге иштеп баштаганда, ошол жерге көнүп калат экенсиң. Телекөрсөтүү тармагында эң алгачкы ишим ошол ЭлТРден башталган. Ал мен үчүн куттуу жер. Жети жылдык өмүрүм дал ошол телеканалда өтүптүр. Эч кимге алмаштыргыс кесиптештерди таптым, тажрыйба топтодум. Бирок бир жерде көпкө чейин иштей берген да болбойт экен, чыгармачыл адамдар ордун алмаштырып турган деле оң деп ойлоп калдым. Анын үстүнө акыркы эки жылда жаңылыктардын продюсери болуп, кабинеттен чыкпай калдым. Тапшырма берем, кайра аны текшерем, кечке кабинетте отурмай.  Чыдабай бук болуп кеттим. Жаңы программаларды жасап, ичимдеги толуп турган энергияны чыгаргым келди. Ошентип, 5-каналдан сунуш түшүп калып, ары ойлонуп бери ойлонуп жатып,  ЭлТРден баш тартууга туура келди. Менин ал жактан тапкан байлыгым  — кесиптештерим жана тажрыйбам болду.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлвира Байсаева: продюсер болуп турганда башкача мамиле жасаган адамдар, катардагы журналист болуп калганда саламга келбей койгондор да болду. Бирок муну менен кимдин-ким экенин билип калдым
Корреспондент и ведущая телеканала Prime Элвира Байсаева - Sputnik Кыргызстан
Элвира Байсаева: продюсер болуп турганда башкача мамиле жасаган адамдар, катардагы журналист болуп калганда саламга келбей койгондор да болду. Бирок муну менен кимдин-ким экенин билип калдым

— Ал жакта чоң  команда башкарып жүрүп кайра катардагы журналист болуп калуу кыйын болгон жокпу?

— Жолдошум да күлүп "сен жетекчи болуп көнүп калдың башка жерге журналист болуп баргандан кыйналбайсыңбы?" деп сурады. Бирок эч өкүнгөн жокмун. Бир гана адамдардын мамилесинин өзгөргөнүн байкадым. Продюсер болуп турганда башкача мамиле жасаган адамдар, катардагы журналист болуп калганда  саламга келбей койгондор да болду. Бирок муну менен кимдин-ким экенин билип калдым.

— Телекөрсөтүү чөйрөсүнө кандайча аралашып калдыңыз эле?

— Бул тармакка 2010-жылы апрель окуясынан кийин келгем. Негизи кесибим боюнча синхрондук котормочумун. Бирок окууну бүткөндө турмушка чыгып, балалуу болуп кесибим боюнча иштебей калдым. Анан ЭлТРде журналисттерге кастинг болуп жатат дегенин угуп катышып ошону менен ошол жерде кабарчы болуп иштеп калдым. Убагында Шайырбек Абдрахманов, Рахат Сулайманов, кийин Эрнис Кыязов деген мыкты журналист агаларым менен иштешип, алардан көп тажрыйба топтогонума кубанычтамын.

— Кайсыл жактын кызы болосуз? Балалыгыңыз тууралуу да кеп кыла кетсеңиз?

Член организационного отдела фракции СДПК Гулназ Омурбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Гүлназ Өмүрбек кызы: экс-президенттин жанына отурарымды укканда чочуп кеттим
— Мен Жайыл районунун Сары-Булак деген, атактуу акын Турар Кожомбердиевдин айылында төрөлгөм. Сегиз жашка чейин жалгыз кыз болуп эрке чоңойдум. Андан кийин ата-энем бир кыз, бир эркек бөбөктүү кылды. Атам чарбачылык менен алектенгендиктен кызылча көп экчү элек. Кетмен менен кызылча отоп, аларды чакалап суу ташып, көп сугарып калдым. Азыр апамдарга "силер мени суу ташыта берип боюм өспөй калды болбосо модель болмокмун" деп тамашалап калам. Апам болсо мектептеги ашканада ашпозчу болуп иштеди.

— Алып баруучулар дайыма сулуу болуп өзүн бир калыпта алып жүрүш керек. Сиз да ушул эрежени бекем кармайсызбы?

— Сөзсүз. Анткени эл көзүндөгү адамдар өздөрүнүн көрөрманын иренжитип албаш керек. Бир жолу үй ремонттоп жүрүп спорттук кийим менен эле дүкөнгө чуркап бара калсам, бир көрөрман "Сиз ЭлТРде алып баруучу белеңиз?" деп адамды уялткан. Ошондон кийин базарга барсам да боенуп-жасанып чыкканга аракет кылам. Эки кызым бар., аларга да бардык жактан үлгүлүү эне болушум керек. Жолдошум да бул жагынан талапты катуу коюп, кокус семирип баратсам "өткөндө диета кармап жүргөндө жакшынакай болчусуң же фитнеске жазыласыңбы?" деп кыйытып сүйлөп коет. Негизи мен жаратылышм боюнча тез эле толуп кетчү адамдардын катарын толуктайм. Кечки саат алтыдан кийин аз жеп, камыр тамак, нанды оозума албайм. Күн жылыганда фитнеске барам. Болбосо салмагымды бир калыпта кармап жүрүү кыйын.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлвира Байсаева: жолдошум мамлекеттик кызматкер, Тоңдун келинимин. Үйлөнгөнүбүзгө он жылдын жүзү болуп калды. Эки кызыбыз бар. Музыкалык мектепте билим алышат, бири фортепианодо ойносо, экинчиси скрипка чертет
Корреспондент и ведущая телеканала Prime Элвира Байсаева - Sputnik Кыргызстан
Элвира Байсаева: жолдошум мамлекеттик кызматкер, Тоңдун келинимин. Үйлөнгөнүбүзгө он жылдын жүзү болуп калды. Эки кызыбыз бар. Музыкалык мектепте билим алышат, бири фортепианодо ойносо, экинчиси скрипка чертет

— Үй-бүлөңүз тууралуу да айтып кетсеңиз?

— Жолдошум мамлекеттик кызматкер, Тоңдун келинимин. Үйлөнгөнүбүзгө он жылдын жүзү болуп калды. Эки кызыбыз бар. Музыкалык мектепте билим алышат, бири фортепианодо ойносо, экинчиси скрипка чертет.

— Эмне үчүн музыка?

— Кыздар чоңоюп баштаганда эле жолдошум экөөбүз сүйлөшүп музыкага берүүнү чечтик. Себеби окуп иликтеп көрсөк, музыкадан кабары бар адамдар жан дүйнөсү башкача жароокер болуп чоңоет экен. Мындай мектепте билим алган балдардын математикалык эсептерди чыгарууга да шыгы жогору болоорун укканбыз. Үйдө да ноталар биз менен кошо жашайт.  Бири скрипкада, экинчиси фортепианодо ойноп кошуналардын кыжырын кайнатабыз(күлүп).

— Көлдүн келиндери тың болот деп калышат…

Отечественная предпринимательница Фатима Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Сеулда сейилдеп жүрүп, акча толо капчык таап алдым. Кыргызстандык кыздын чыйыры
— Кайын-журтумду абдан сыйлайм, көп барбасак сагынып кетем. Кайненемден көп нерсе үйрөндүм. Силер айткандай кандай келин болбосун Көлгө барса кадимкидей тыңыйт. Конок тоссо, ошолор тоссун. Башында эч нерсе билчү эмесмин. Азыр бир жакка барып калсам бирөөнүн колунан ала коюп, жасап жиберем. Жаңы барганда коноктор келип калса эт тартып, кайра чай берсе таң кала берчүмүн. Конок тоскондо апам үйдө командир, улуу абысыным ашпозчу мен анын жардамчысы болчумун.  Айтор, азыр үйрөнгөн көп нерселер өзүмдүн керегиме жарап жатат.

— Жүгүнүп турасыңарбы?

— Ооба. Ал жакта кемпирлер да өзүнөн улуу кемпирлерге жүгүнөт да. Жаңы келин болуп барганда унутуп кала берчүмүн. Баары мени таң калып карачу. Азыр көнүп калдым. Барганда баарына жүгүнүп учурашам.

— Социалдык тармактан жер кыдырып жүргөнүңөрдү да көп көрүп калабыз?

— Эки жылдан бери үй-бүлөбүз менен Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырыганды адат кылып алдык. Кыздарды алып жаратылыш койнуна чыгабыз. Ага көнүп алгандан кийин баргың эле келе берет экен. Көрсө, тытынып иштеп жүрө бербей эс алганды билиш керек экен. Аны да биз эми түшүнө баштадык.

Жаңылыктар түрмөгү
0