Сапар Исаков Ысык-Көлгө барган туристтерди эмне түйшөлтөөрүн айтты

Жазылуу
Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев ички жолдордун көп бөлүгү реконструкцияга муктаждыгын билдирди

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстанга, анын ичинен Ысык-Көлгө кирген туристтерди пансионаттарга бараткан кирме жолдордун абалы канааттандырбайт. Бул туурасында сапар премьер-миинстр Сапар Исаков Ысык-Көл районунун курорттук-ден соолукту жакшыртуучу мекемелердин жетекчилери менен болгон кеңешмеде айтты.

"Кеңешмеде Исаков тийиштүү түзүмдөр тарабынан инфраструктураны, ички жолдорду, ошондой региондогу пансионаттардын тегерегиндеги жарыктандыруу системаны жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу керектигине басым жасаган", — деп айтылат өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кабарда.

Тоодогу турист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кымыз ичип, тоо аралап ат минем! Кыргызстандыктар кызыккан эс алуунун түрлөрү
Ал эми региондун ички курорттук жолдорунун абалы тууралуу маалымат берген өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев ички жолдордун көп бөлүгү реконструкцияга муктаждыгын билдирген.

Өкмөт башчы Ысык-Көл облусунун айланма авто жолун реконструкциялоо жана башка региондун инфраструктуралык долбоорлору боюнча өкмөттүн пландарын айтып берген.

Буга чейин Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев көл аймагындагы мамлекеттик эс алуучу жайларды башкарууда бюрократтык аракеттер көп экендигине токтолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0