Баламдын куурап калган сөөктөрүн талаадан, ар жерден жыйнадык. Жалгыз бой эненин муңу

© AFP / FAYEZ NURELDINEКөрдүн жанында ыйлып жаткан аял. Архив
Көрдүн жанында ыйлып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кийинки жылы үйлөнүп, силерди неберелүү кылам" деп таенеси менен апасын кубантып жүргөн 22 жаштагы Нурсултандын тилеги ишке ашпай, каза болуп калды.

Жаш жигит 2016-жылы киши колдуу болуп, анын сөөгү эки айдан кийин Оштун Кең-Сай конушундагы талаадан табылган. Жигит өзү менен чогуу окуган беш классташынын колунан ажал тапкан.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваШарипа Насирова жалгыз медерин жоготуп алганына дагы деле ишенгиси келбей үмүт менен жол карап күтөт
Мать убитого от рук одноклассников в селе Жапалак Нурсултана Насирова Шарипа Насирова - Sputnik Кыргызстан
Шарипа Насирова жалгыз медерин жоготуп алганына дагы деле ишенгиси келбей үмүт менен жол карап күтөт

Жалгыз уулунун сөөгү ит-кушка жем болгонун айткан 45 жаштагы Шарипа Насирова жалгыз медерин жоготуп алганына дагы деле ишенгиси келбей үмүт менен жол карап күтөт. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы уулунун күйүтү азапка салган энеден кабар алып, кайгылуу окуянын чоо-жайын билип кайтты.

Россияга кетпей, жанында жүрсөм мындай болмок эмес беле…

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Арча-Бешикте" үч баланын энесин өлтүрдү деп шектелген жаран кармалды
— Өзүм Оштун Жапалак айылынан болом. 21 жашымда Кара-Суунун Каратай айылына турмушка чыгып, Нурсултан аттуу уулдуу болдук. Ал буту майып төрөлүп, үч жашка чыкканча ооруканадан чыккан жокпуз. Тарамышын узартып, үч ирет операция жасаттык. Ошентип  экинчи топтогу майыпка айланып калды. Жолдошум мындан бир нече жыл мурда Россияда иштеп жүрүп, ток уруп каза болгон. Анан уулумду жетелеп, төркүнүмө баса бергем. Жапалактагы орто мектепте билим алды. Жогорку окуу жайдан окутууга мүмкүнчүлүк болгон жок. 2016-жылдын 4-октябрында Москва шаарына барууну пландап, кийимдерин даярдап койгон болчу. Өзүм да эки жылдан бери Москва шаарында тамактануучу жайда идиш жууйм. Жаңы эле кетип бир жарым ай жүргөндөн кийин ушул каргаша болуп кетти. Уулум жанымда жүрсө, ушул иш болбойт беле деп ичим тызылдайт.

© Фото / предоставлено Шарипой НасировойАпасын кубантып, келиндүү кылам деген 22 жаштагы Нурсултандын тилеги ишке ашкан жок...
Убитый от рук одноклассников в селе Жапалак Нурсултан Насиров - Sputnik Кыргызстан
Апасын кубантып, келиндүү кылам деген 22 жаштагы Нурсултандын тилеги ишке ашкан жок...

Эки ай бою издебеген жерибиз калган жок

— Уулум таенеси, бир тууган эжем, анын кызы болуп төртөө жашап жатышкан. 5-cентябрга караган түнү достору чакырып кеткен боюнча үйгө келбептир. Үйдөгүлөр үч күн бою издешет. Ал бирөөнүн үйүндө түнөп калып же телефонун өчүрүп коюп дайынын билдирбей кетчү эмес. Эжем милицияга арыз жазыптыр. Мага 11 күн өткөндөн кийин кабарлашты. Угаарым менен учуп келдим. Улан аттуу аймактык тескөөчү менен барып Бекболот деген классташ досунан сурадык. Ал 5-сентябрга караган түнү Азамат деген өздөрүнөн улуураак бир жигиттин туулган күнүн бирге белгилешкенин айтты. "Нурсултан Азамат менен жакалаша кеткендиктен аларды ажыратып, анан үйүнө жеткирип койгонбуз. Андан кийин көргөнүм жок" деп жооп берди. Апам менен эжем ошол түнү достору кайрадан телефон чалып чакырып кеткендигин айтышты. Ошентип аймактык тескөөчү экөөбүз бардык досторунан сураштырып, атургай Алайдагы досуна чейин барып келдик. Жүрөгүм бир жамандыкты сезип туруп алды.  Телефону өчүрүлүү, издебеген жерибиз калбады. Ал арада досторунун бирөө үйлөндү. Аймактык тескөөчү баламдын Бекболот аттуу классташынын телефондон кимдер менен сүйлөшкөнүн тактаганда Нурсултанга акыркы жолу ошол чалганы белгилүү болду. Эмнегедир Бекболотту көргөндө эле "уулумду каякка көөмп салдың" деп айтчу болдум. "Коюңузчу аяш эне, эмне деп жатасыз" деп койчу. Бекболот, Адилет деген эки классташы мени менен кошо баламды издешип жүрдү.

Кой кайтарып жүргөн киши уулумдун чачылган сөөктөрүн тааптыр

Кофе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндөшүнүн кофесине сымап кошуп берип... Марттын чуулгандуу окуялары
— Оштогу Кең-Сай конушунда талаада кой кайтарып жүргөн киши күн сайын ар түрдүү үлгүдөгү унаа келип токтоп, бирок эч ким түшпөй эле кайра кетип жатканын байкап жүрүптүр. Ал бир күнү адамдын буттарынын сөөгүн, эртеси баш сөөгүн көргөндө милиция чакырган. Ош шаардык ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери ар кайсы жерде чачылып жаткан сөөктү жыйнап, өлүк сактоочу жайга алып келип, мени чакырышты. Табылган сөөктүн ички кийимден башка эч нерсеси жок, бирок колунда шакеги бар экендигин айтышты. Ич кийиминен тааный албадым. Бирок милиция кызматкери шакекти көрсөткөндө колума алып жатып, жүрөгүм "зырп" эте түштү. Анткени уулумдун сүйлөшүп жүргөн кызы белекке берген шакеги бар эле, ошонун дал өзүндөй экен. Өзүмдү алдап, ишенгим келбей, мындай окшош шакектер көп да деп уулум тирүү деген үмүт менен үйгө баса бердим.

Талаадан табылган сөөктүн тиштерин карап, Нурсултандын сүрөттөрү менен салыштырсак тиштери окшош чыгып жатты. Бирок ал баш сөөктүн алдыңкы үч тиши жок эле. Уулумдун алдыңкы үч тиши болгондуктан дагы деле ишенгим келбей турду. Тиш доктурларга кайрылсак алар "эки адамдын тиштери эч качан бири-бирине окшошпойт, бул баш сөөк силердин уулуңардын башы" деп тиштеринен улам окшоштуруп жатышты. Мен дагы деле ишенгим жок…

Жакын достору Нурсултанды өлтүрүп, сөөгүн талаага таштап кетишиптир

Негедир ошол сөөк табылгандан кийин Бекболот менен Адилет айылда көрүнбөй калды. Бекболотту кечке издеп, Ноокатта таежесинин үйүндө жашырынып жаткан жеринен аймактык тескөөчү экөөбүз барып алып келдик. Аны 21-октябрда Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизишти. Кантип эле, достору эмес беле?..

Кийимдерин, телефонун тандырга салып өрттөшүптүр

Ал кармалган күнү эле уулумду өлтүргөнүн, жанында төрт классташы болгонун мойнуна алып, калганы ошол эле түнү колго түшүрүлдү.

Абактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депкир менен сабалган ымыркайдын энесине жаңы берене менен иш козголду
Өлүкканада жаткан чачылган сөөктөрдү дарыгерлер адам кейпине окшоштуруп кураштырып колубузга беришти. Жалгызымдын өзүн эмес, ит-кузгунга жем болгон сөөгүн кармап сыздап отуруп калдым. Тажия өткөрүп сөөктү жерге бердик. Эртеси башка бирөөнүн сөөгүн жерге берип алган жокпузбу деп кургур үмүт кайра үзүлбөй кыйналып жаттым. Бирок соттук процесс учурунда бешөө тең окуя кандай болгонун баштан-аяк айтып беришти. Бекболот "ошол түнү туулган күндөн үйүнө кеткен Нурсултан кайра бычак көтөрүп, мага келди. Ал мени бычак сайып өлтүрүп салат деп андан коргонуп, арматура менен чапсам өлүп калды" деп көрсөтмө бериптир. Ал эми үйдөгү эжем Нурсултан үйдөн чыкканда бычак эмес эле фонарик көтөрүп кеткенин айтат. Бекболоттун айтымында, Адилет таш менен уулумду башка бир канча жолу урган. Анан кансырап жатканда Тез жардам чакырбастан желим баштыкка ороп, биротоло жок кылуу үчүн Кубаныч аттуу классташ досун чакырып, "Тико" унаасы менен Кең-Сайда казылган арыкка таштап, кийимдеринин баарын чечип салып, топурак менен көөмп кетип калышат. Окуяга күбө болгон Максат жана Бекзат аттуу эки бала Бекболоттун үйүндө күтүп отурушкан. Уулумдун кийимдерин телефонун кошуп Бекболот өз үйүндө тандырга салып өрттөп, үйүнүн дубалдарына чачыраган канды жууп, полун алмаштырыптыр. Колундагы шакегин чечип алууну унутуп калышкан.

Беш бала шерттешип, окуя тууралуу ооз ачпоого убадалашат. Уулумду Кең-Сайга алып бара жатканда да тирүү экенин айтты. Нурсултан досторуна "бул кылыгыңар үчүн баарыңар менен эсептешем" дегени үчүн Адилет аттуу бала уулумдун бөйрөк тушуна дагы үч-төрт ирет бычак сайыптыр. Алдыңкы үч тиши Бекболот арматура менен чапканда түшкөн экен. Ошентип дос деп ишенип жүргөн жакындары мыкаачылык менен өлтүрүп тынышты. Мушташкандан анча-мынча адам өлбөйт болчу. Уруп үйүмүн астына таштап койсо деле өзүм дарылатып алмакмын. Балам тирүү калганы мага ырыскы эле.  Баарынан да өлтүрүп көөмп салып, сыр бербей мени менен кошо издеп жүргөндүгү жаныма батты.

Абактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Агасын өлтүрүп өрттөп ийди делген аял Кыргызстанга өткөрүп берилмей болду
Ушул ишти ачууда менин жанымда эки ай бою күнү-түнү издешип, кылмышкерлерди тапкан аймактык тескөөчү Уланга ыраазымын. Балам өз ажалы менен өлсө да мынчалык ыза болбосом керек эле. Жакын достору, жанында жүрүп, мыкаачылык менен өлтүргөндүгү мени кошо тирүүлөй өлүккө айландырып олтурат…

Күйүткө батып, улам үшкүрүп, көзүнөн жашын улам аарчып отурган эне менен коштошуп сыртка чыктык.  Эне жүрөгү эң назик экендигин эстесек, Шарипа Насированын жарасы качан айыгып, качан кайгысын унутаарын… азырынча айтыш кыйын.

Бул боюнча соттук иштер бир жарым жылда аягына чыгып, шектүүлөрдүн бири 16 жылга, калган төртөө эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0