Өкмөт аймактарды кантип өнүктүрүп, ага каяктан акча табарын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖизнь в поселке Мин-Куш Джумгальского района
Жизнь в поселке Мин-Куш Джумгальского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент быйылкы жылдын аймактарды өнүктүрүүгө арнала турганын жарыялаган

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Аймактарды өнүктүрүү жылына карата 2018-2023-жылдар ичиндеги аймактык саясаттын Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндөгү буйрукка кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бекитилген план уюштуруу комитети тарабынан иштелип чыгып, аймактарды жана бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүү боюнча принципиалдуу жаңы иш-чараларды камтыйт. Маалыматта ага аймактык башкаруунун принциптери, тармактарды бирдей, тегиз өнүктүрүү, ошондой эле аймактардын атаандаштык артыкчылыктарын жүзөгө ашыруунун класстердик принциби киргизилгени айтылат.

"Планга ылайык, аймактар өздөрүнүн өзгөчөлүгүнө жараша адистешет, чарбалык тыгыз байланыштарды түзүп, бири-бири менен өз ара аракеттенишет. Өнөр жай тармагында өнүгүү темпин тездетүү максатында өндүргүч күчтөрдү аймактарга жайгаштыруу административдик-аймактык бирдиктердин башкы пландарына шайкеш келүү жолу менен оптималдаштырылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Медицинский класс в московской школе - Sputnik Кыргызстан
Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жер-жерлерде 30 инновациялык мектеп түзүлөт
Негизи иш-чаралардын планы бийликтин түрдүү бутактары — аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарын, ошондой эле Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу бийлиги менен жер-жерлердеги өкүлчүлүк бийлигинин күч-аракеттерин бириктирип турмакчы.

Маалыматта каржылоо республикалык бюджеттен капиталдык салымдардын титулдук тизмесин оптимизациялоо, жергиликтүү бюджетти, жергиликтүү өнүгүү фонддорунун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу жана донордук жардамдарды так координациялоо аркылуу ишке ашары белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0