14:45 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Президент Сооронбай Жээнбеков 7-апрель элдик революциясы күнүн эскерип гүл койду

Жээнбеков: баатырлар эңсеген өлкөнү куруп, мекенди гүлдөтөбүз

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
525 0 0

Өлкө башчы 7-апрелде курман болгондордун элесине таазим этип, баатырлар эӊсеген мамлекетти курууну жана мекенди гүлдөтүп өнүктүрүүнү убада кылды.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Биздин максатыбыз — өнүгүү жолубуздан тайбай, Кыргызстанды жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу өлкөгө айландыруу. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков 7-апрель элдик революция күнүнө карата кайрылуусунда билдирди.

Өлкө башчы өз сөзүндө кыргыз элинин тарыхында жалпы журт бир максатка биригип өзүнүн майтарылбас эркин көрсөтүп, жалпы эрдиктин, элдик жеӊиштердин мисалдары арбын экенин айтты. Жээнбековдун айтымында, дал ушундай окуялардын бири — 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция.

"Ушул күнү тарыхый бурулуш болуп, туӊгуюкка бараткан жолдон чыгып, жаркын келечекке багыт алганбыз. Адилеттикти туу туткан, чөгөлөп жашоого чыдабаган, кландык жана үй-бүлөлүк бийликти кабыл албай турган эл экенибизди дагы бир жолу далилдегенбиз. Тайманбас баатырларыбыз зомбулукка, адилетсиздикке каршы күрөштө бүт кыргыз элине сепил, түркүк болду. Алардын күчү менен жаӊы турмушту, жаркын келечекти көздөгөн элдин аруу тилеги ишке ашты. Элдин бийлигин менчиктеп, элдин ырыскысын өз бүлөсүнө тартып берип, элди кул кылам дегендердин тилеги таш капты", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал 7-апрелдеги окуялардан кийинки жылдар кылымга тете жылдар болгонун, өлкɵдө улуттук кайра жаралууга жол ачылганын белгилеген.

"Биздин максатыбыз так жана анык: өнүгүү жолубуздан тайбай, Кыргызстанды жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу өлкөгө айландыруу, эркин, укуктук жана күчтүү мамлекет кылуу. Ушул максатка жетүү үчүн апрель революциясынын жеңишин, элдин бийлигин сактап калуу зарыл, элге берилген убадаларды жана койгон талаптарын аткарабыз. Элдик революциянын идеяларын жана максаттарын турмушка ашырабыз. Эң башкысы — Кыргызстан эч качан демократиялык багытынан тайбайт", — деди өлкө башчы.

Кайрылуунун соңунда Жээнбеков курман болгондордун элесине таазим этип, баатырлар эӊсеген мамлекетти курууну жана мекенди гүлдөтүп өнүктүрүүнү убада кылды.

Тема боюнча

Шабдан баатыр көчөсү болбой эле 7-Апрель деп өзгөртүлмөй болду
Апрель окуясын эскерүүгө экс-президенттер Атамбаев менен Отунбаева чакырылды
"Ата-Бейит": жарым кылым ың-жыңсыз жаткан кайрандар. Чүкөдөй кемпир ачкан чындык
Сооронбай Жээнбеков: үй-бүлөлүк же кландык башкарууга жол бербейм
Белгилер:
баатыр, кайрылуу, Апрель окуялары, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ