Бишкекте токойлорду сактап калуу маселеси көтөрүлөт

Жазылуу
Форумга чет элдик жана кыргызстандык окумуштуулардын катышуусу күтүлүүдө

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте эл аралык деңгээлдеги окумуштуулардын катышуусунда экологиялык форум өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулардын бири Азамат Темиркулов билдирди.

Желим баштык көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда желим баштыктарга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды
Маалыматка ылайык, форум борбор калаада 14-апрель күнү "Тоо токой" деген аталыш менен болмокчу. Бул экология маселелерине арналган алгачкы форум. Ага чет элдик жана кыргызстандык окумуштуулар катышат. Андан сырткары, өлкө аймагындагы багбан, токойчулар чакырылган.

Иш-чаранын максаты — токойду сактоо жана жакшыртуу маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу.

Жаңылыктар түрмөгү
0