Мамкаттоо Исаковдун тапшырмасы менен жаңы айдоочулук күбөлүк иштеп чыгат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАйдоочунун күбөлгүгү. Архив
Айдоочунун күбөлгүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы былтыр августта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү иштеп чыгуу тапшырмасын берген

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү колдонууга киргизүү маселесин чечүүнү караштырып баштаганын мекеменин маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугу системасын реформалоо алгачкы жемишин бере баштаганын жумушчу кеңешмеде айтты - Sputnik Кыргызстан
Исаков: Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыктары азайды
Былтыр август айынын аягында премьер-министр Сапар Исаков "КРде жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча иш-чаралардын планы" аттуу документке кол коюп, ал өкмөттүн сайтына жарыяланган.

План 103 пунктудан турат. Анын биринде Мамлекеттик каттоо кызматы менен ИИМге чип салынган жаңы айдоочулук күбөлүктүн үлгүсүн иштеп чыгуу милдеттендирилген. Чипте жол эрежелеринин бузулушу, жол кырсыктары жана айыптар боюнча маалымат болмок. Аны ишке ашыруунун акыркы мөөнөтү 2018-жылдын 30-марты деп белгиленген.

Бирок 5-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүктүн үлгүсү жасалбаганын айткан.

Бүгүн, 6-апрелде, мекеменин маалымат катчысы долбоорду ишке ашыруу үчүн аракеттер көрүлө баштаганын айтты.

"Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн көрүнүшү, техникалык өзгөчөлүктөрү жасалып жатат. Аны жасоодо эл аралык тажрыйба жана материалдар эске алынат", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы документти ишке киргизүү үчүн тийиштүү программалык камсыздоо дагы талап кылынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0