Ошко 60 миңге жакын дарак тилигип, 741 тонна таштанды чыгарылды

© пресс-служба мэрии города БишкекПосадка деревьев на улице Токомбаева в Бишкеке
Посадка деревьев на улице Токомбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көрктөндүрүү иштерине эки миңге жакын мамлекеттик жана менчик ишканалар катышып жатат

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ош шаарына быйылкы жаздын эсебинен мэрия үч миң дарак, 40 миң бадал отургузса, шаар тургундары өз алдынча 13,5 миң көчөт тигишти. Бул тууралуу Ош муниципалитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чара түштүк калааны жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында жүргүзүлүп жатат.

"Ушул тапта 140 миң метр арык тазаланып, күн сайын жолдор жуулуп жатат. Буга чейин шаардан 741 тонна таштанды чыгарылды. Көрктөндүрүү иштерине эки миңге жакын мамлекеттик жана менчик ишканалар катышып жатат. Эртеңден баштап отургучтар, таштанды урналары сырдалып, гүлдөрдү отургузуу иштери башталат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындаш тышкары, мэрия Шаардык санэпидемстанция кызматына коомдук тамактануу жайларын катуу көзөмөлгө алуу, ал эми "Газпром Кыргызстан" ишканасына газ түтүктөрүн орнотуп жатканына байланыштуу бузулуп жаткан жолдорду тез арада калыбына келтирүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0