Балыкчы: шаардын көркүн бузган мыйзамсыз объектилер алынууда

© пресс-служба мэрии города БишкекУборка незаконной постройки вокруг центральной мечети в Бишкеке
Уборка незаконной постройки вокруг центральной мечети в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдыда мыйзамсыз жана убактылуу коюлган павильондор да жок болору айтылган

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Балыкчы калаасында архитектуралык нормаларга туура келбеген, туура эмес салынган, ижара акысы төлөнбөгөн, автоунаа жүрүшүнө тоскоол болуп, автотрассага чейин чыгып кеткен жарнамалык такталар алынды. Бул туурасында Балыкчы калаасынын Муниципалдык менчик башкармалыгынан кабарлашты.

Андан сырткары, унаа жуучу жай, дарыкана, дүкөн, мейманкана, кафе, вулканизация өңдүү жайлар жарнамалык орнотмолорун уруксат кагазысыз коюп алышкандыгына байланыштуу актылар түзүлүп, алынды.

"Бул жайлар алынганга чейин кемчиликтерин жоюу боюнча эскертүү берилген. Учурда иш дагы уланууда. Алдыда мыйзамсыз жана убактылуу коюлган павильондор да жок болот", — деди башкармалыктын муниципалдык мүлк жана реестр жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Муканбетов.

Буга чейин да Ош шаарынын көркүн бузган объектилер түрттүрүлүп, ызы-чуу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0