Аба жетпей муунуп, көкүрөк кышылдап калат. Астманы дарылоо мүмкүнбү?

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүБальнеологический курорт в санатории "Саки"
Бальнеологический курорт в санатории Саки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин статистикасы боюнча республикада астма оорусу менен 9 миңден ашык киши жабыр тартат. Каттоого турбагандарды эсепке алганда байтаптардын саны 3-5 эсеге көп.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы астма оорусунун себеби, белгилери жана дарылоо жолдору тууралуу билип көрдү.

Суроого Кыргыз-Индия тоо биомедициналык илимий борборунун жетекчиси, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу, өпкө гипертониясы, тоо медицинасы жана сомнология бөлүмүнүн башчысы, профессор Акпай Сарыбаев жооп берди. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовСаламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу, өпкө гипертониясы, тоо медицинасы жана сомнология бөлүмүнүн башчысы, профессор Акпай Сарыбаев
Главный кардиолог Министерства здравоохранения КР Акпай Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу, өпкө гипертониясы, тоо медицинасы жана сомнология бөлүмүнүн башчысы, профессор Акпай Сарыбаев

Астма деген эмне?

Бронхтордун (өпкөдөгү жумшак түтүк) астмасы жалпак тил менен айтканда "демдин кысылышы, оорлошу" дегенди түшүндүрөт. Оору дем алуу жолдорунун сезгенүүсүнөн (аллергия) келип чыгат.

Эмнеден пайда болот?

Астма оорусун аллергиялык оору деп айтууга болот. Ал эми аллергия тукум куушу мүмкүн. Ошондой эле илдетке айланадагы чаң, жаныбар, куш-канаттуунун жүнү, кене, грибок, көк басуу, химиялык жана уулуу заттар, кир экология, тамеки тартуу, стресс, айрым дары-дармек (айрыкча аспирин), инфекциялар жана башка заттар себепкер боло алат.

Астманын белгилери

Борьба с туберкулезом в Китае - Sputnik Кыргызстан
"Оорусу жугат" деп менден качышчу. Кургак учукка кабылгандардын түйшүгү
Адатта астма менен жабыркаган адамдын дем алуу жолдору абдан сезимтал келип, түтүн, ыштын жытынан, аба ырайы өзгөргөндө, айрым тамак-аш, кескин жыт тараганда деми кысылып, дем алуусу оорлойт. Мындай учурда адамдын бронхторунун каптал булчуңдары жыйрылат да, дем алуу жолу ичкерет. Ошол жердеги ткандар шишип, ал жерде былжыр жана какырык көбөйөт. Ошол учурда бронхтордун көлөмү кичирейип, аба өтпөй, дем алуусу оорлоп, жөтөлүп, көкүрөк кышылдап, алсырап, акыбалы начарлайт.

Дарылоо жолдору

Өпкөнүн иштеши спирометрия аппараты менен текшерилет. Бронхиалдык астма өнөкөт оору болгондуктан биротоло айыктырууга мүмкүн эмес. Бирок дарылоо менен аны көзөмөлдөгөнгө, кезеги менен кармай калуусун толук токтотуп же аз кармоосуна жеткиргенге мүмкүн. Ооруну өтүштүрүп жибербей кармап турууга да болот. Илдет менен күрөшүүдө дарыгер тарабынан дары-дармек сунушталат. Ошондой эле бронхту кеңейтүүчү каражаттар колдонулат.

Астма менен күрөшүүгө тоонун климаты табылгыс ыкма

Проблема с ожирением в Мехико - Sputnik Кыргызстан
Арыкташ керек эле... Адистер семирип кетүүнүн 10 себебин айтты
Медицина жаатындагы кыргызстандык окумуштуулар астманы бийик тоодогу климатты колдонуп дарылап келишет. Мындай дарылоо жолдун өнүгүүсүнө академик Мирсаид Миррахимов, профессор Нурлан Биримкулов, мен Акпай Сарыбаев жана башкалар салым кошкон. Таластагы Төө-Ашууда Улуттук кардиология жана терапия борборунун ооруканасы бар. Ал жерге Кыргызстандын гана эмес, чет өлкөдөн да бейтаптар дарыланып кетет.

Дарыгердин сунушу

Мындан тышкары, астма оорусу менен жабыркагандар оору кармаган учурда өзүн кандай алып жүрүүнү билиши керек. Бул үчүн адис бир нече кеңеш сунуштайт.

1. Аллергиясы барлар аллергендер (себеп боло турчу) менен байланышта болбошу керек;

2. Ички, сырткы гигиенаны сактоо;

3. Аллергия чакыра турчу тамактарды мүнөздөп ичүү;

4. Жашаган жердин, үйдүн ичиндеги аба таза болушу керек. Бөлмөнүн ичин күнүнө эки жолу желдетип, 20-22 градус жылуулукта кармаш керек;

5. Бейтап жанында ар дайым дарыгер жазып берген дары-дармегин ала жүрүшү зарыл.

6. Дарт курч мүнөздө болсо бейтапканага келип дарылануу оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0