Шабдан баатыр көчөсү болбой эле 7-Апрель деп өзгөртүлмөй болду

Жазылуу
Көчөнүн атын өзгөртүү боюнча чечимди шаардык кеңештин депутаттары кабыл алды

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Шабдан баатыр көчөсү 7-Апрель деп өзгөртүлдү. Тийиштүү чечим Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан кабыл алынды.

Беспорядки в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Арасында эки кыргыз... Тактысын таштай өлкөдөн чыгып кеткен президенттер
Депутат Канат Музуралиев көчөнүн атын өзгөртүүгө "макул" деген добушун 31 өкүл бергенин айтты. Эки депутат "каршы" болсо, дагы экөө добуш берүүдөн карманган. Калган эл өкүлдөрү (жалпы 45 депутат) шаардык кеңештин жыйынына катышкан эмес.

Шабдан баатыр көчөсүнүн Чүйдөн калаанын түштүк тарабындагы чегине чейинки бөлүгү 7-Апрель болуп өзгөрдү. Ал эми Чүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан даткага чейинки бөлүгү Шабдан баатыр проспектиси болуп өзгөрмөй болду.

Депутаттар мындай жол менен 2010-жылдагы 7-Апрель окуяларын түбөлүккө эсте калтырууну максат кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0