Бишкектин жолдорундагы күлкүлүү үч окуя. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековОформление площади Ала-Тоо в Бишкеке
Оформление площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектик Нияз Шаршенбаев видеорегистарторго түшүп калган күлкүлүү окуяларды топтоп келет.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Анын архивинде эл сөзсүз көрүшү керек болгон видеолор бар. Алардын кээ бирин окурмандарга сунуштайбыз.

Бир нече мүнөт мурда жол чырактын кызыл түсүнө карабастан өтүп кеткен айдоочуну жөө адам атайылап жол бербей "жазалады".

Кээде жаныбарлардын адам сымал ойлонуп "иш" кылганын көрүп таңыркабай койбойсуң. Бул ит айланага көз чаптырып, унаалар токтогондон кийин гана Абдрахманов көчөсүнүн аркы бетине "зебра" менен өтүп кетти.

Жол эрежесин бузган автоунаалар - Sputnik Кыргызстан
Чалкан: бети бир кызарып койбогон айдоочулар
Бул бишкектик жаранга жолду көрсөтүлгөн жерден кесип өтүүгө эмне тоскоолдук болгону белгисиз. Айтор, эреже бузганын бузуп алып, дагы айдоочунун унаасын тепкен. Бул дагы аз дедиби, кайра артка кайтып келип, бир нерсени түшүндүрүүгө аракет жасап жатты…

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0