Каршылык акциясы үчүн маршрутка айдоочулары канча акчадан кур калды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗабастовка водителей маршруток в Бишкеке
Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маршрутка айдоочулары каршы болуп жаткан камсыздандыруу полиси жылына эки миң, күнүнө 6 сом турат. Бирок бир күндүк акцияга чыгабыз деп алар андан да көп каражаттан куру кол калышты.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкектеги маршруткалардын айдоочулары бир күндө канча акча табышарын жана каршылык акциясынын айынан канча каражаттан куру кол калышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып беришти.

Ринат Раимбеков №179 маршрутканы бир ай айдаган. Учурда ал өзүнүн микроавтобусун ижарага берет. Анын айтымына караганда, айдоочу бир күндө 2000 миңден 3000 миң сомго чейин табат. 1000 сомго жакын каражат бензинге кетет.

"Эгер маршрутка өзүңдүкү болсо бир күндүк таза киреше бир миңден эки миң сомго чейин жетет. Анан бир жылда бир жолу моторду алмаштырып, ремонттоп коюш керек. Ал эми ижарага алгандар күнүгө 1000 сомдон төлөп турат", — деди Раимбеков.

Атын атагысы келбеген дагы бир маршрутка айдоочусу эгер транспорт өзүңдүкү болсо бензинге кеткен чыгымды кошкондо, бир күндүк таза киреше 1500 сомдон 2000 сомго чейин жетерин билдирди. Анын айтымында, айдоочулардын жарымы маршруткаларды ижарага алат.

"Эң кирешелүү каттамдар — 212, 100 жана 101. Андагы айдоочулар эң аз дегенде күнүнө 3000 сом табышат. Бирок фирмага айына алты миң сом төлөйбүз. Анын ичине патент дагы кирет", — деди айдоочу.

Мунун негизинде маршрутка айдоочулары канча табарын эсептесе болот:

Эң аз тапканы — 1500 сом;
Эң көп тапканы — 2000 сом.

Эгер транспорт ижарага алынган болсо, жогорудагы суммадан 1000 сомду кемитип коюу керек.

C 1 июня вступил в силу запрет на работу для водителей, не имеющих российских прав - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка машакаты: ишке чыкпай койгон айдоочулар эмнеден коркуп жатат?
Мэриянын расмий маалыматына караганда, күн сайын Бишкекте 2700 маршрутка жүрөт. Эгер айдоочулардын жарымы транспортту ижарага алса, алардын тапкан орточо каражатын (750 сом) унаалардын санына көбөйтүп эки миллион сомдон бир аз ашык сумманы алабыз. Тагыраагы, кечээки каршылык акциясынын айынан жалпы маршрутка айдоочулары ушунча каражаттан куру кол калды дегенди билдирет.

Белгилей кетсек, каршылык акциясынын чыгышына себеп болгон камсыздандыруу полиси бир жылга эки миң сом турат (Эгер маршрутка 15 орундуу болсо). Алты күндүк иш күнүн эске алганда бул күнүнө 6,4 сомду түзөт.

2-апрелде маршрутка айдоочулары жол кирени көтөрүү жана милдеттүү камсыздандырууну жоюу талабын коюп каттамга чыккан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0