УКМК маршрутка айдоочуларынын иш таштоо жагдайын иликтөөдө

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуУнаа күтүп жаткан шаар турундары
Унаа күтүп жаткан шаар турундары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү премьер-министр Сапар Исаков маршрутка айдоочуларынан мамлекеттик жана муниципалдык органдар пара алары тууралуу айткан

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги маршрутка айдоочуларынын иш таштаган жагдайын текшере баштаганын аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2-апрелде шаардагы маршрутка айдоочулар жол кирени жогорулатып, милдеттүү камсыздандырууну жокко чыгаруу талабын коюп ишке чыккан эмес. Анын айынан эл бара турчу жерине жете албай, шаарда коллапс жаралган.

Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Бишкекте айрым маршруттар гана эл ташып жатат. Тизме
Дүйшөмбү күнү премьер-министр Сапар Исаков маршрутка айдоочуларынан мамлекеттик жана муниципалдык органдар пара алары тууралуу айткан. Ошондой эле УКМК менен экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматка маалыматтарды текшерип, эгер аныкталса тийиштүү адамдарды кызматтан алууну тапшырган.

УКМКнын маалымат кызматы ИИМ менен биргеликте текшерүүнү баштаганын айтты.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram-тайпасына билдирген жарандардын маалыматы боюнча бүгүн ишке 100, 101, 103, 110, 114, 117, 118, 129, 130, 131, 132, 136, 138, 145, 147, 152, 162, 164, 166, 167, 172, 175, 179, 199, 200, 202, 211, 212, 214, 215, 223, 226, 243, 252, 269, 285, 333, 344 жана 305 номерлүү маршруткалардын айдоочулары чыккан.

Иш таштаган айдоочулардын айланасында эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0