Кыргыз чек арачылары үйүн өрт чалган өзбек жаранына жардам берди

Жазылуу
Аскерлер чек арага чейин суу алып келүүгө көмөктөшкөн

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы "Көк-Серек" чек ара тозотунун аскерлери Өзбекстандын чек арага жакын жайгашкан Тенги аймагындагы өзбек жаранынын үйүндө чыккан өрттү өчүрүүгө жардам беришти. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, өзбек жаранынын үйүндөгү газ баллон жарылып, жалын тамдын ичине заматта жайылып кеткен.

Кыргыз-өзбек чек ара тозотундагы аскерлер Кыргызстандын аймагындагы каналдан суу алып келүүнү уюштуруп, үйдү толук күйүп кетүүдөн сактап калган.

Чек ара отрядынын ага лейтенанты Адилет Исраил уулу мамлекеттерди бөлүп турган чек ара жардам берүүдө эч кандай тоскоолдук жаратпашы керектигин айтат.

"Өзбекстандын аймагында үй күйүп жатканын байкадык. Бул жерден чек ара сызыгы өтөт. Андыктан биз Кыргызстандын аймагынан өткөн каналдан чек ара чейин суу алып келүүнү дароо уюштурдук", — деди Исраил уулу.

Ал ошондой эле эгер кандайдыр бир кырсык болуп кетсе, эки мамлекеттин тургундарына тең жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0