Рязандагы кыргызстандыктар кабылган жол кырсыгы боюнча иши козголду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПолиция автоунаасы. Архив
Полиция автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР жарандары 1-апрелде М-5 трассасынын 377-чакырымында кырсыктаган

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Рязань облусунда кыргызстандыктар кабылган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгонун КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, окуя 1-апрель күнү М-5 трассасынын 377-чакырымында болгон. Унаа ичиндеги сегиз кишинин төртөө оор абалда.

Билдирүүгө ылайык, кырсык болгон жерге барган элчиликтин жана КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Тергөө комитетинин Рязань облусундагы муниципалитеттер аралык бөлүмүнүн жетекчиси менен жолугушкан.

"Облус аймагында катталган жол кырсыгы боюнча РФтин Кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүгү (жол эрежесин бузуу, этиятсыздыктан кишинин ден соолугуна оор жаракат алып келүү) боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле элчилик менен ИИМ өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жабыркагандар жана алардын туугандары менен жолугушкан.

Андан сырткары, Рязань облусунун саламаттык сактоо министри менен дагы телефон аркылуу сүйлөшүү болуп, жабыркагандардын абалы боюнча маалымат алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0