Депутат элди бекер ташый турган акция уюуштурду

© Фото / Санжар МамбетовАкция "Поможем друг другу" в связи с забастовкой водителей маршруток в Бишкеке
Акция Поможем друг другу в связи с забастовкой водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 100дөй жеңил унаа кечинде маршруткалардын каттамы боюнча элди бекер ташууга даяр

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаада коомдук транспорт боюнча кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Бири-бирибизге жардам берели" аттуу акция баштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине эл өкүлүнүн жардамчысы Санжар Мамбетов билдирди.

Маршрутка айдоочулары 1-апрелден тарта кирген жаңы талаптарга каршы болуп жана камсыздандыруу полисинен баш тартууну талап кылышууда. Ал эми 2-апрелде айдоочулардын басымдуу бөлүгү жапырт түрдө иш таштаган.

© Фото / Санжар МамбетовБорбор калаада коомдук транспорт боюнча кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Бири-бирибизге жардам берели" аттуу акция баштады
Борбор калаада коомдук транспорт боюнча кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бири-бирибизге жардам берели аттуу акция баштады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Борбор калаада коомдук транспорт боюнча кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Бири-бирибизге жардам берели" аттуу акция баштады
© Фото / Санжар МамбетовМаршрутка айдоочулары 1-апрелден тарта кирген жаңы талаптарга каршы болуп жана камсыздандыруу полисинен баш тартууну талап кылышууда.
Маршрутка айдоочулары 1-апрелден тарта кирген жаңы талаптарга каршы болуп жана камсыздандыруу полисинен баш тартууну талап кылышууда. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Маршрутка айдоочулары 1-апрелден тарта кирген жаңы талаптарга каршы болуп жана камсыздандыруу полисинен баш тартууну талап кылышууда.
1/2
Борбор калаада коомдук транспорт боюнча кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Бири-бирибизге жардам берели" аттуу акция баштады
2/2
Маршрутка айдоочулары 1-апрелден тарта кирген жаңы талаптарга каршы болуп жана камсыздандыруу полисинен баш тартууну талап кылышууда.

Акциянын алкагында жеңил автоунаалардын маңдайкы терезесине маршруттук таксинин номери жазылат жана жүргүнчүлөрдү ошол багыт боюнча бекер ташыйт.

Самый жаркий день - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка айдоочулары: керек болсо бир жумага чейин ишке чыкпайбыз
Учурда депутат тарабынан 100гө жакын жеңил автоунаа уюштурулду. Ал саат 17:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин аймагында каттайт.

Мамбетов бардык айдоочуларды иш-чарага катышууга үндөп, жардам берүүгө чакырды.

Акцияга катышууну каалап, бирок мүмкүнчүлүгү жокторго саат 16:00дө эски аянтта чогулуш болуп, бекер май (же талон) жана номерлер берилет.

Учурда иш таштаган айдоочулардан улам калаада эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0