10:40 19 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2541
  • RUB1.0956
Ачкыч. Архивдик сүрөт

Депутаттар жетимдерге мурунку кызматтык батирлерин берүүнү сунуштоодо

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
109 0 0

Эл өкүлдөрү мурда өзүлөрү жашаган Бишкек шаарындагы жети кызматтык батирди балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө берүүнү пландоодо

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары мурунку жашаган кызматтык батирлерин балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө берүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.

"Кызматтык үй" тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү идеясы эл өкүлдөрү Гүлкан Асылбаева, Алтынай Өмүрбекова, Айсулуу Мамашева жана Аида Касымалиевага таандык.

Бул маселе март айынын башында эле көтөрүлүп, бирок мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин сайтына өткөн жуманын аягында гана коюлган. Эске салсак, 2015-жылдын ноябрь айында бардык фракциялардын депутаттары кызматтык үйдөн баш тартышкан.

Мыйзам долбоорунда жазылгандай, балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү бой жеткенде бараарга жери жок, үйгө муктаж болуп калып жатышат.

"Балдар үйүнөн кеткенден кийин жашоо кыйындап, бүтүрүүчүлөрдүн бараарга жери жок көчөдө калып жатышат. Алардын үйү же катталган жери жок. Балдар үйүнөн кеткенден кийин да жашаш керек да. Мындай учурда балдар кайдан колдоо, жардам сурашты билбей калышат", — деп эл өкүлдөрү билдиришкен.

Ошондой эле долбоордо жетим балдар үчүн үй курууга атайын жер бөлүнбөгөндүгү жана алар турак-жай үчүн ипотека төлөй албай тургандыгы тууралуу да кошумчаланган. Ал эми бюджетте үй курууга каражат жок.

Мындан улам депутаттар буга чейин эл өкүлдөрүнө таандык болгон Бишкек шаарындагы "Аламүдүн-1" кичи районундагы жети батирди кароосуз калган балдарга берүүнү сунуштоодо. Ал жакта эч ким жашабаса да, Жогорку Кеңеш коммуналдык кызматтардын акысын төлөп келет.

Долбоорго ылайык, батирлер балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары 25 жашка чыкканга чейин берилмекчи.

Тема боюнча

Балдар кор болбосун! Сокулукта 24 бала асыраган өзгөчө үй-бүлөнүн турмушу
ЮНИСЕФ: тиешелүү чаралар көрүлбөсө, 13 жылдан кийин 70 млн. бала чарчап калат
Россияда ташталган беш кыргызстандык бала кайтарылды
Белгилер:
балдар үйү, мыйзам долбоору, депутат, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ