13:46 17 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.7838
  • RUB1.0841
Ортопед Сабырбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек учурунда

Сабырбек Жумабеков: кабинетке бекинип алып ыйлайм

© Sputnik / Азамат Тотубаев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Асель Минбаева
8849172

Сабырбек Жумабековдун ысымы Гиннес рекорддор китебине кирип калчу күн ыраак эмес. Доктордук диссертациясын 30 жашында жактаган, таанымал академик кээде кабинетин ичинен бекитип алып, ыйларын көпчүлүк билбейт чыгар...

Кечки саат жети. Дүйнөгө атагы чыккан профессордун жүзү чарчаңкы тартып, үнү кырылдап, жакында эле суукка чалдыгып айыкканы билинип турат. Мобилдик телефонунун шыңгыры эч тынбайт, дарыгер далайга дейре бейтаптардын туугандары менен телефондон сүйлөшүп жатты: "Ооба, эртең таңда бир карайм. Операцияга даярдайбыз".

Экинчи кабаттан кулап, омурткасын сындырган аялга, кемирчектери сүрүлүп, чыдатпаган оорудан улам кайрылган эки кишиге, бир буту экинчисинен 10 сантиметрге кыска кызга, айтор, бүгүн Сабырбек Жумабеков жалпы алты кишиге операция жасаган.

"Бул аз. Адатта бир күндө 12 операцияга чейин жасаган учурлар болот", — дейт Жумабеков.

Иш жолунда ал 23 миң кишиге операция жасаган. Мындай көрсөткүч бүтүндөй Баткен шаарын бутка тургузгандай.

— Телефонуңуз дегеле тынбайбы?

— Жок. Ошондон улам да телефонду эч качан өчүк калтырбайм. Кээде үйгө да келип, каалга каккылап: "Жүрүңүз! Уулум жол кырсыгына кабылды, абалы жаман" деп келгендер болот. Кантип баш тартасың. Кокус киши көз жумса, туугандары өмүр бою мени күнөөлөп өтөт. 

Директор Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбек Джумабеков во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Жумабеков 26 жашында илимдин кандидаты, 30 жашында илимдин доктору болгон

— Ажалына арача боло албай калган алгачкы бейтап эсиңиздеби?

— Албетте. Көзүмдү жуумп, анын жүзүнүн ар бир изине дейре элестете алам… Крым медициналык университетинде ординатурада окуп жаткам, бир ирет 18 жаштагы кызды алып келишти. Ал темир жолунун үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр көпүрөсүнөн секириптир. Анын колдору, буттары, омурткасы сынып, боору, көк боору жарылып, мээси чайкалгандыгы аныкталган.

Татынакай ал кызды тиктеп, жашап кете албасын аңдагам. Эки саат алыштык, анын күчтүү организми да жашоого тырышып жатты, бирок, буйрук экен… Агезде менин, жаңыдан ишин баштап жаткан врачтын бүт дүйнөсү аңтар-теңтер боло түшкөн. Бир айдай ыйлап жүрдүм окшойт. Ачыгын айтсам, эч ким көрбөсүн деп кабинетке бекинип алып азыр деле кээде ыйлайм.

— Бейтаптар сизге көбүнчө кандай жарааттар менен кайрылышат?

— Бизге көбүнесе жол кырсыгына кабылган адамдар түшөт. Жеке баамымда акырындык менен Казакстанда айдоочулар Европадагыдай абай сала айдап калышты. Биздикилер мурдагыдай эле эрежелерди көзгө илбейт. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна күн сайын кырсыкка кабылган сегизге жакын кишини алып келишет. Бул кооптуу!

Жакында 23 жаштагы жигит түштү, жети жеринен сөөгү майдаланып кетиптир. Ал сөөктөрдү пазл топтогондой чогулттум. Эгер күчүм жетпей калса, ал отура да албай калмак…

Алыска кетпейли. Силердин кесиптешиңер Илим Карыпбековду Кудай сактап аман калды. Кудай чоң сактады! Биз, врачтар, аны ажалдын оозунан сууруп алдык, клиникалык өлүмгө да кабылган. Ажалы жок экен. 

На мероприятии приняли участие мэр города Бишкек Албек Ибраимов и директор БНИЦТО академик доктор медицинских наук профессор Сабырбек Джумабеков
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков күнүнө жок дегенде 12 операция жасайт

— Бишкектиктер дагы кандай себептерден көп жаракат алышат?

— Баллон менен муз тепкенден. Баллон деген нерсе канча өмүрдү талкалады! Ар жылы 500-700 киши түшөт — булар Бишкектин тегерек четиндеги эле жабыркагандар. Баарына жардам берип үлгүрбөй калабыз.

Жарга кулап түшүп, карагайдын бутагы мойнун тешип кеткен жигитти алып келишти. Ал дем албай да калыптыр. Байкуштун абалы биз куткара алгыдай эмес эле… Кыздар андан да катуу жабыркайт, алар назик келишет эмеспи. Омурткасы сынып бизде кыштан бери жаткандар бар.

Ушул каргашалуу баллондор менен муз теппегиле деп жатып тилим тешилмек болду. Дүйнөнүн эч бир жеринде мындай жок! Баллонду сен эч кандай башкара албайсың да. Андан көрө лыжа тепкиле, ал алдаканча коопсуз.

— Жакында бир жаш врач менен баарлашкам. Ал бейтаптардын оройлугуна көп таңданарын жашырбады. Сиз дагы мындайга кабыласызбы?

— Кыргызстандагы бардык врачтар агрессияга тушугат. Өткөндө бир окуя болду: бизге атасы менен уулу келди, экөө тең мас. Жигиттин колу кесилген, атасы доктурга "силер менин уулумду сактап калышыңар керек!" деп асылат. Медикти бир жакалайт, бир түртүп жиберет… Хирургдар бейтапты реанимацияга алып, аны карай башташканда атасы кирип келип, аларга буйрук бере баштады. Балакеттин баары ушул жерде! Бизде тегин жерден дайым милиционер күзөттө турбайт.

Кыргызстанда врачтарга жаман мамиле жасашат. Бул кесипти эң акылдуу жаштар тандаганына карабастан, жагдай ушундай. ЖРТ боюнча эң жогорку балл алгандар кайда тапшырарын тактап көргүлө. Бейтаптар эмнеге антишет, түшүнө албайм. Бир дагы доктур бейтабын атайылап өлтүргөн эмес, биз дайым жардам бергибиз келет. Албетте, болгону эмгек жолунун башында жакшы көнүгө элек, тажрыйбасыз келишет… 

© Sputnik / Эмиль Садыров
Дарыгер жеке өзү 23 миңден ашык адамга операция жасаган

— Сиздин жүздөн ашуун ачылыш, ойлоп табууларыңыз бар. Атургай, бирөөсү Гиннестин рекорддор китебине катталышы ыктымал. Жигиттин бутун 31 сантиметрге узартканыңыз туурасында кеп салсаңыз.

— Сөөктү чоюу (керүү) — менин эң жактырган ишим. Врачтар бул менен мурдатан эле алектенишет, алгач чыйыр салган академик Гавриил Илизаров болгон. Кантип узартуу керек — башка маселе. Мен устатым Александр Блискунов менен бул нерсени Крымда эле үйрөнө баштагам. Кийин да изилдеп, 30 жашымда Москва медициналык академиясында доктордук диссертациямды жактадым. Менин рекордум дагы жасала элек.

— Бутту кантип узартасыз?

— Адегенде булчуң менен сөөк жырылат. Жиликтин чучугуна сөөктү чое турган атайын түзүлүш жайгаштырылат. Бир суткада ал бир миллиметрге узарат. Эсептеп көргүлө, бир айда үч сантиметрге өсөт.

Биз бутун 30 сантиметрге узарткан Темирбек Бекбоев андай аппарат менен болжол менен бир жарым жыл жүрдү. Ошентип анын балтыры 20, ал эми саны 11 сантиметрге өстү.

— Эмнеге бул рекорд азыркыга чейин Гиннес рекорддор китебине киргизиле элек?

— Тартышып келебиз. Ал жактын жетекчилигинде мени туура эмес эсептеген деген дилетанттар бар. Темирбекти 16 жашынан бери дарылай баштаганбыз, эки жылда ал жети сантиметрге өстү. Алар чындап эле оорулуу буту өсүп кетет деп ойлошобу? Бул болбогон кеп! Эгер он алты жашында адамдын бир буту экинчисине караганда 31 сантиметрге кыска болсо, анда өсүш зонасы эч болбойт. 

Директор Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбек Жумабеков на IX Международном конкурсе изобретателей (International Ivention Fair in Middle East) в Кувейте
© Фото / предоставлено Сабырбеком Жумабековым
Медицина илимдеринин докторунун 100гө жакын ойлоп табуусу бар

— Шаарларда бийик тоолуу жерлерге салыштырмалуу сынык тез бүтөт деген ачылыш жасагансыз. Мындай бүтүмгө кандайча келдиңиз?

— Чындыгында ушундай, эгер адамдын буту Бишкекте сынса, ал беш айда, ал эми Ат-Башы районунда болсо, тогуз айда бүтөт.

Биз эксперимент жасап көргөнбүз: иттердин сөөгүн Төө-Ашуу белинде жана борбор калаада сындырып, анын бүтүшүнө көз салганбыз. Түздүктө чындап эле эки эсе тез бүтөт. Анткени, бийик тоолордо организмге кычкылтек жетишсиз. Дал ушул себептен өтө бийиктикте жаракат алган киши дарылануу маалында түздүктө жашоого тийиш.

— Ачылыштарыңыз кантип жаралат?

— Адатта операция убагында, көндүм ыкмалар бейтапка жардам бербестигин түшүнгөн кезде… Кыргызстандыктардын бир көйгөйү бар — ийин муун капсуласынын тарамыштарынын үзүлүп кетиши. Адам мындайга бийиктиктен учуп же волейболдо ойноп, лыжа тээп жатканда далысын кокустатып алган учурларда кабылат. Капсула үзүлүп кеткенде жабыркаган адам ооруга чыдай албайт. Ага жардам берүү үчүн наркоз берүүгө туура келет.

Андан кийин бейтаптын ийинине шакшак коюлуп, аны менен бир ай жүрөт. Бирок үчүнчү күнү эле оору басаңдайт да адам кубанып таңгычты алып салат. Бул чоң жаңылыштык! Күндө бир канча ирет ийин кайрылган сайын бүтпөй калган травма ойноок болуп калат. Мурда ушундай бейтаптарга көмөктөшүү татаал болчу, эми мен тизе жана ийин муундарынын капсуласын тигүү ыкмасын ойлоп тапкам. Тарамыштар бекем кармалат, тез бүтөт, кайра экинчи чыкпайт. Бейтаптарымдын бири — депутат Талайбек Масабиров. Мындай операциядан кийин дзюдо боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул туурасында ал өз маегинде да тастыктаган. Дзюдочулар бири-биринин колдорун аеосуз кайрышат эмеспи. 

Директор Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбек Жумабеков награжден орденом Манас II степени
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Академик Сабырбек Жумабеков сыйлык алуу аземинде

— Бейтаптарыңыздан эмне үчүн кечирим сурар элеңиз?

— Баарын сактап кала албагандыгым үчүн… Кечээ жакында эле экинчи кабаттан кулап, омурткасы сынган кишини алып келишкен. Кечке маал операция жасамакмын, бирок кардиолог жабыркаган адамдын жүрөгүнүн согушун "жактырбай" койду. Андыктан операцияны жылдырууга туура келди. Түндө бейтаптын уюган каны жарылып, өпкө артериясына тыгылып калган. Бул көз ирмемде келчү өлүм, дүйнөнүн эч бир бурчунда андайларды сактап кала алышпайт.

— Жумушуңузда көңүлүңүзгө аябай жагымдуу нерсе эмне?

— Бейтаптын сакайшы. Бул абдан бактылуу ирмем. Өз доктуруна ыраазычылыгын айтып түгөтө албаган бейтаптын андай чыныгы сезимдерин башка эч бир жерден көрө албайсың. Бул анык бакыт!

Тема боюнча

Жыныс органдарындагы варикоздун кесепети. Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу менен маек
Ары турчу!.. Маани бербеген, бирок жүрөк айланткан 5 оору
Жумабеков: хирургдар бетке айтат, депутат болсоң калп айтууга туура келет экен
Белгилер:
ачылыш, дарыгер, операция, Сабырбек Жумабеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ