Бишкектеги паркка алма көчөтүн отургузууга шаардыктар чакырылууда

© Sputnik / Михаил ДудинБорбор калаадагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркы. Архив
Борбор калаадагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчөт отургузуу иштерине каалаган адамдар барып катыша алат

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында алманын көчөтү отургузулат. Бул туурасында иш-чараны уюштуруучулардын Facebook баракчасына жарыяланган.

Иш-чарага каалаган адамдар келип катышса болот.

Мындан сырткары, көчөт отургузуунун алкагында өлкөнүн алдыңкы өнүрүшчүлөрүнүн колунан чыккан пайдалуу даамдардан ооз тийүү, мастер-класстар жана фермелердин жарманкеси өтөт.

Саамалык 15-апрель күнү саат 12.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0