Байзак, Барпы, Бермет, Баян. Атыңыздын маанисин билесизби?

© AFP / FRED DUFOURЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир ата-эне өз баласын кандай сүйсө, баласынын атына да ошончолук урмат менен мамиле жасайт. Уул-кызы келечекте мыкты адам болсун деген аруу тилек менен аларга татыктуу ысым ыйгарууга аракет кылат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кайрадан кыздар-балдардын кыргызча ысымдарын сунуштайт. Эми "б" тамгасынан башталган кыргызча ысымдарды иреттейбиз.

Эркек балдарга берилчү 10 ысым

Селкинчек ойноп жаткан балдар жана кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адилет, Азамат, Айгүл, Айзат... Атыңыздын маанисин билесизби?
Базарбай. "Базар" деген сөздүн лексикалык мааниси соода кылуучу жай дегенди түшүндүрөт. Бирок кыргыз эли базарды — кайнаган турмуштун чордону жана майрам, шаан-шөкөт катары баалап, базар күнү туулган балдарды бактылуу деп эсептешип, аларга ушул сөзгө байланышкан Базарбай, Базаргүл, Базарбек деген ысымдарды коюшкан. Анын үстүнө мурда базар жума күнү болгон. Ошол себептен бул ысым аптанын жума күнүнө байланыштуу коюлган Жумабай, Жумабек, Жумагүл деген аттар менен маанилеш болуп эсептелет.

Байзак. бай – ыйык + [у]зак деп чечмеленет. Мындан улам ата-эне уулунун өмүрү узун болсун деген тилек менен аны Байзак аташкан.

Байтерек. Байыркы түрк элдеринин, анын ичинде кыргыз элинин түшүнүгүндө, терек узак жашоонун, узун өмүрдүн белгиси, символу. Ушул себептен бул ысым бала бутактап-өзөктөп, көбөйүп өссүн, балалуу-чакалуу болсун деген мааниде эркек балдарга коюлат.

Бакыт. Бул ысым арабызда абдан көп колдонулган аттардын бири. Бала бактылуу, таалайлуу болсун, дөөлөтү ашып ташкан уул болсун деген ой менен коюлган ысым.

Жизнь в киргизском селе Тейит - родовом селе семьи Бакиевых - Sputnik Кыргызстан
Аз жашаган адамдын атын бербейт! Ымыркайга ысым ыйгаруудагы 7 "болбойт"
Барпы. Бул чөптүн аты. "Манас" эпосунда бул сөз "кытай кандарын жашартып, узак жашатыш үчүн табыптар атайы даярдаган дары" деп берилет. Ысымды ата-бабалар бала оору-сыркоодон алыс болуп, ага көз тийбесин деген мааниде уулдарга ыйгарышкан.

Барсбек. Барс — жаныбардын атынан алынган. Ошондой эле Барсбек 7-8-кылымдарда Енисейдеги кыргыз кагандарынын башчысы, кол башчы, эл башчысы болгон. Мындан улам жаңы төрөлгөн уул бала келечекте эл башкарган эр азамат болсун деген мааниде ыйгарылып жүрөт.

Бекболсун. Уулдарынын бели бек болуп, өмүрү узун болсун деген ниетте коюлган ысым.

Бекжан. "Ымыркайдын жаны бек болсун, өмүрү узак болсун, элдин арасында аман-эсен чоңойгон уул болсун" деген аруу тилек менен берилген ат.

Кыргызстандын желегин кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөмбү, Шейшемби, Бейшемби. Апта күндөрүнүн аталышын алган кыргызстандыктар
Белек. Бул ысым көпчүлүк учурда атасы баласын көрбөй көзү өтүп кеткенде "атадан калган белек" деген мааниде коюлат.

Болот. Бул ысымдын лексикалык өзөгү "болот" деген катуу металлды түшүндүрөт. Экинчи мааниси "жетишет", "жетиштүү" дегенди билдирет. Көпчүлүк учурда биринчи маани колдонулуп бала болоттой курч болсун, ден соолугу чың болсун деген тилекте ыйгарылып келет.

Кыз балага берилчү 7 ысым

Барчын. Баарчын — бул бүркүт. Элибиз бул ысымды кыздарга куштай көкөлөп учкан, ар дайым бийиктикте жүрсүн деген мааниде берип келет.

Батма. Бул сөз өзүнө "сулуу, сүйкүмдүү, жылдыздуу"деген маанилерди камтып кыз балдарга коюлуп келет.

Баян. Лексикалык мааниси аңгеменин бир түрү. Ысым байыркы түрк тилинен которгондо "чексиз бактылуу" деген маанини да билдирет.

Бермет. Суу астындагы аппак асыл таштын аты. "Көңүлүндө кири жок, берметтей таптаза кыз болсун, ою тунук, тилеги аруу болуп, өмүрү берметтей (суудай, океандай) таза жана узун болсун" деген ой менен кыз балдарга берилген ат.

Кагазга жазып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызчаны кыйратасызбы? Тесттен өтүңүз
Бурул. Бурул деген этиш сөз "кайрыл" дегенди түшүндүрөт. Бул ысым балага ат коюу салтында бир үй-бүлөдө эгер эки кыз удаасы менен төрөлүп калса, кийинкиси уул болсун деген мааниде кыз балага берилип жүрөт. Ушул сыяктуу Жаңыл, Кайыр, Кайрыл, Уулкан, Бурул, Умсун, Болду, Салкын деген маанилери окшош ысымдар бар.

Бегайым. "Дени сак, оорубаган, өмүрү узун кыз болсун" деген мааниде кыздарга берилген ат. Ага уйкаш Бегимай деген ысым да эл арасында кеңири пайдаланылып жүрөт.

Бактыгүл. "Кызым бактылуу, таалайлуу, эч нерседен кем болбосун" деген ата-эненин аруу тилеги менен кыз балдарга берилип келе жаткан ат.

Өткөн жумаларда "а" тамгасынан башталган кыздар-балдардын кыргызча ысымдарын бергенбиз. Керек болуп калат десеңиз шилтеме аркылуу кирип көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0