Көчмөн элдердин маданий мурастары менен баалуулуктары изилденип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Архив
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйындын максаты көчмөн элдердин, анын ичинде кыргыз элинин маданий мурастарын өнүктүрүү жана сактоо, баалуулуктарын изилдөөгө багытталды.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келип чыгышы: бүгүнкү күндө колдонулган моделдери" аталышындагы жогорку окуу жайлар арасында илимий жыйын өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарынын логотибинин маанисин уюштуруучулар түшүндүрүп беришти
Иш-чара КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында өтүп, ага ЖОЖдордун студенттери катышты. Алгач окуу жайдын ректору Алмаз Насыров менен III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун илимий жана волонтерлук жаатынын координатору Союзбек Надырбеков сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Жыйындын максаты көчмөн элдердин, анын ичинде кыргыз элинин маданий мурастарын өнүктүрүү жана сактоо, баалуулуктарын изилдөөгө багытталды.

© Фото / Бегайым КубанычбековаIII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келип чыгышы: бүгүнкү күндө колдонулган моделдери" аталышындагы жогорку окуу жайлар арасында илимий жыйын өттү
Научная конференция к III Всемирным играм кочевников - Sputnik Кыргызстан
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келип чыгышы: бүгүнкү күндө колдонулган моделдери" аталышындагы жогорку окуу жайлар арасында илимий жыйын өттү

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар төмөндөгү темалар боюнча илимий-изилдөөлөрү менен тааныштырып, айтып беришти:

— Кыргыз Республикасында заманбап башкаруунун моделдери жана алардын колдонуудагы маселелер;

— Көчмөндөрдүн экологиялык аң-сезими жана заманбап шарттарда айлана-чөйрөнү сактоо;

— Көчмөн элдердин арасында салттуу спорттук оюндар, оюн-зоок жана элдин ден соолугун сактоонун заманбап көйгөйлөрү;

— Борбордук Азиядагы көчмөн элдеринин арасында мамлекетти түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү;

— Кыргыз мамлекеттиктүүлүгүндө этномаданияттын негиздери

— Мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча кыргыз элинин тарыхый жана маданий кубатын пайдалануудагы көйгөйлөр.

Мыкты доклад ээлери диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.

Иш-чараны "ЭкоПолюс"демилгелүү тобу президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте уюштуруп, ага "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын" уюштуруу катчылыгы көз салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0