Кыргызстанда аракечтик көп учураган облустар аталды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМеждународная выставка продуктов питания "Продэкспо-2015"
Международная выставка продуктов питания Продэкспо-2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ичимдик боюнча көрсөткүч азайганы менен аялдар арасында аракечтик, өспүрүмдөр арасында токсикомания арбыганы айтылган

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда Талас жана Ош облустарында аракечтик көрүнүш азайган эмес.

А бирок өлкөдө негизинен аракечтикке берилген 1368 жаңы учур катталып, бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырмалуу түшкөн. Демек жогорудагы облустардан башка аймактарда арак, шарап ичкендер азайган.

Алкоголдук ичимдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда интернет аркылуу ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салынды
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Таласта 64,9 пайызга, Ошто 8,5 пайызга көбөйгөн.

Өлкөдөгү баңгилик боюнча абалга көз чаптырганда да көрсөткүчтөр негизинен төмөндөгөн. Министрликтин маалыматында Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында азайбаган тейде калган. Ал эми Нарын, Баткен, Ош облустарында баңгизатына байланган жаңы учурлар кездешкен эмес.

Буга чейин ичимдик боюнча көрсөткүч азайганы менен аялдар арасында аракечтик, өспүрүмдөр арасында токсикомания көп боло баштаганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0