Арасында эки кыргыз... Тактысын таштай өлкөдөн чыгып кеткен президенттер

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүБеспорядки в Киргизии
Беспорядки в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төңкөрүштүн негизинде тактан кулаган ажолордун тагдыры ар өлкөдө ар кандай

Кыргызстандын кинотеатрларында белгилүү режиссер Темир Бирназаровдун "Кош келиңиз, президент мырза!" тасмасы көрсөтүлө баштады. Фильмде өз өлкөсүнөн качкан президент жүзүнө пластикалык операция жасатып, мекенине кайтып келет.

Дүйнө тарыхы саясий революцияларга бай. Калк көбүнесе өлкөдөгү жакырчылыкка, авторитардык режимге же адилетсиздикке каршы чыккан. Төңкөрүштүн негизинде тактан кулаган ажолордун тагдыры ар кандай. Кээ бири атууга кетсе, бир бөлүгү камакка алынган. Арасында өз өлкөсүн таштай качкандары да ондоп саналат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өз өлкөсүнөн качкан ажолор тууралуу айтып бермекчи.

Фульхенсио Батиста (Куба)

© AFP / STF Кубаны 1940-1944 жана 1952-1959-жылдары башкарып келген Фульхенсио Батиста
Кубинский диктатор Фульхенсио Батиста - Sputnik Кыргызстан
Кубаны 1940-1944 жана 1952-1959-жылдары башкарып келген Фульхенсио Батиста
Президенттик мезгили: 1940-1944 жана 1952-1959-жылдары

Фульхенсио Батиста ажолукка 1940-жылы шайланганы менен өз өлкөсүн 1933-жылдан бери эле башкарып келген. Ал жылы Батиста баштаган аскерлер өлкөнүн өкмөтүн кулаткан.

Курманбеко и Феликс Мирбековы - Sputnik Кыргызстан
Эгиздер Феликс жана Курманбектин апасы: балдарым менен подъезд да жууп калдым
Фульхенсио Батиста ажолук мөөнөтүндө АКШ менен мамилени күчөтүп, Куба америка мафиясынын "бейишине" айланган. Элге жек көрүндү  болгон Батиста көтөрүлүштөрдү аёосуз басып,  оппозициянын арбын  мүчөлөрүн аттырган. Андыктан 1944-жылдагы шайлоодо жеңилүүгө учураган.

Жашоосун АКШда уланткан Батиста 1952-жылы Кубада аскерий төңкөрүш жасап, кайрадан бийликке келет. Анын экинчи мөөнөтүндө америка мафиясы өлкөнүн туризм жана көңүл ачуу тармагын толугу менен колго алса, АКШ экономиканын дээрлик 70 пайызын көзөмөлдөгөн.

1959-жылы Фидель Кастро жана Эрнесто Че Гевара башында турган революционерлер өлкөдөгү диктатордук режимди кулашат. Ажо үй-бүлөсү менен 1-январда Доминикан Республикасына качат. Андан соң жашоосун Португалия жана Испанияда уланткан. Ал Кубадан качканда өзү менен өлкөнүн Борбордук банкындагы алтындын көлөмдүү бөлүгүн алып чыгып кеткен. Батиста Кубага кайрылып барган эмес.

Бокасса Жан-Бедель (Борбордук Африка Республикасы)

© AP Photo / stringerБорбордук Африка республикасынын императору Жан-Бедель Бокасса
Император Жан-Бедель Бокасса ЦАР - Sputnik Кыргызстан
Борбордук Африка республикасынын императору Жан-Бедель Бокасса
Президенттик жылдары: 1966-1979

Аскер кызматкери болгон Бокасса Жан-Бедель 1966-жылы 1-январда мамлекеттик төңкөрүш жасап, президент Давид Дакону түрмөгө камайт. Ал дароо эле Баш мыйзамды жоюп, өзүн түбөлүк президент атайт. Анын тактысы алтындан жасалып, таажысына эки миң бриллиант чегерилген. Ал эми калк жакырчылыктын жеткен чегинде жашаган. Башкача көз караштагы адамдарды кыйноо же өлтүрүү кадимкидей эле көрүнүш болгон. Жан-Беделдин жада калса оппозициялык саясатчылардын этин жегени да айтылат. Ал 1976-жылы өзүнө император даражасын ыйгарат.

Отстраненный от власти президент Киргизии Курманбек Бакиев выступил на митинге в своем родовом селе Тейит - Sputnik Кыргызстан
Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе эмне болот? Жогорку соттун жообу
1979-жылы мектеп окуучулары окуу формасынын кымбаттыгына  каршы митингге чыгышат. Бийлик митингди аёосуз басып, жүздөн ашык мектеп окуучусу атылат. Ошол эле жылы 20-сентябрда императордун Ливияга жасаган сапарынан пайдаланган мурдагы ажо Давид Дако француз аскеринин жардамы менен бийликти кайрадан өз колуна алат.

Жан-Бедель Францияга качып Париждин жанындагы хансарайында жашоосун улантат. Ал 1986-жылы кайрадан ажо болуу максатында өлкөсүнө кайтып келет. Бирок ага адам өлтүргөн, адам этин жеген деген бир топ айыптар тагылып өлүм жазасына тартылат. 1996-жылы мунапыска туш келип, эркиндикке чыккан. Үч жылдан соң өз үйүндө каза болот.

Фердинанд Маркос (Филиппин)

© Sputnik / Вячеслав Рунов / Медиабанкка өтүүФилиппиндин 1965-1986-жылдардагы президенти Фердинанд Маркос
Государственный и политический деятель Филиппин Фердинанда Маркос - Sputnik Кыргызстан
Филиппиндин 1965-1986-жылдардагы президенти Фердинанд Маркос
Президенттик жылдары: 1965-1986

Өлкөсүн экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү жаатында бир топ иштерди жасаган Маркос ошол эле убакта үй-бүлөсүнүн "экономикасын" да унуткан эмес. Анын маалында үй-бүлөлүк жана кландык бийлик туу чокуга жеткен. 20 жаштагы уулу аймак башкарса, дагы бир уулу элчи, жакын досу президенттин айдоочусунан өлкө армиясынын башчылыгына чейин жеткен. Ажонун жеке байлыгы 10 миллиард долларды чапчыганы айтылат.

1986-жылдагы президенттик шайлоодо адаттагыдай эле Маркос жеңет. Бирок шайлоонун жыйынтыгы каршылык акцияларын күчөтүп, өлкөдө аскерий төңкөрүш орун алат. Маркос АКШнын Гавайи штатына качат. Анын жашоосу айыккыс оору менен коштолгон. Филиппин бийлиги мурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнүн өлкөгө кайтып келүүсүнө тыюу салган. Ал 1989-жылы 15-октябрда катуу оорудан улам каза болот.

Жан-Клод Дювалье (Гаити)

© AP Photo / File photoГаити ажосу Жан Клод Дювалье болочок жубайы Мишель Беннетт менен
Президент Гаити Жан-Клод Дювалье со своей невестой Мишель Беннетт - Sputnik Кыргызстан
Гаити ажосу Жан Клод Дювалье болочок жубайы Мишель Беннетт менен
Президенттик жылдары: 1971-1986

Өлкө президентинин уулу болгон Жан-Клод Дювалье атасынын өлүмүнөн кийин 19 жашында эки тизгин, бир чылбырды колуна алат. Дүйнөдөгү эң паракор ажолордун бири катары сыпатталган Дювальенин убагында 10 миңдеген саясатчынын өлтүрүлгөндүгү айтылып келет.

1986-жылы Гаитиде бир нече каршылык акциялары өтүп, анда элүүгө жакын адам каза болот. Мындан улам Францияга качкан экс-ажо өлкөсүнө 2011-жылы кайтып келет. Гаити соту аны мейманканадан кармап, бир нече айып менен камакка алат. Мурдагы президент өз үйүндө 2014-жылы каза болгон.

Альберто Фухимори (Перу)

© AP Photo / Omar IvanovichПеру президенти Альберто Фухимори
Президент Перу Альберто Фухимори - Sputnik Кыргызстан
Перу президенти Альберто Фухимори
Президенттик жылдары: 1990-2000

Япон тектүү Альберто Фухимори алгач илимий иштер жана алып баруучулук менен алектенет. Бийликке келгенден кийин өлкөнүн экономикасы жакшырганы менен режимге каршы пикирдеги адамдар аёосуз кырылган. Жада калса оппозициялык уюмдарды колдогон айыл-кыштактар да коркутуп-үркүтүүгө алынган.

2000-жылкы президенттик шайлоо убагында Фухиморинин бир нече ыплас иштери ачыкка чыккан. Ал шайлоодон жеңгени менен коррупциялык иштеринен улам бийликтен баш тартууга аргасыз болуп, Японияга качкан. Мурдагы президент 2005-жылы Чилиде кармалып, Перуга өткөрүп берилген. Фухимори саясатчы жана журналисттерге пара берген, телефон сүйлөшүүлөрүн мыйзамсыз тыңшаган деген айып менен 25 жылга кесилип, 2017-жылы эркиндикке чыккан.

Аскар Акаев (Кыргызстан)

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстан бийлиги тунгуч президент Аскар Акаев өлкөгө кайтып келсе суракка алынарын билдирип келет
Ситуация в Кыргызстане. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан бийлиги тунгуч президент Аскар Акаев өлкөгө кайтып келсе суракка алынарын билдирип келет
Президенттик жылдары: 1991-2005

Аскар Акаев 1991-жылы эгемен Кыргызстандын алгачкы президенти болуп шайланган. Аймактагы башка ажолор сыяктуу эле "үй-бүлөлүк" башкаруунун алдын алган эмес. Жакындары жана сааналаштары байыганы менен карапайым калк жакырчылыкка батып, миллиондогон жарандар аргасыздан мигранттык тагдырга тушуккан. Кыргыз тарыхындагы трагедиялуу Аксы окуясы да Акаевдин бийлигинин учурунда болгон.

Борис Николаевич Ельцин и Аскар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Акаевдин "башына ойногон" Ельциндин кашыктары. Окуянын чоо-жайын Кулов ачыктады
Өлкөдөгү адилетсиздикке каршы толкуган эл 2005-жылы 24-мартта Акаевдин режимин кулаткан. Мурдагы ажо үй-бүлөсү менен Россияга качкан. Учурда экс-президент Москва мамлекеттик университетинин Пригожин атындагы татаал системаларды математикалык изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери катары иштеп жүрөт. Аны менен бирге эле Европа өлкөлөрүндөгү кыргыз жарандары менен жолугушууларды да өткөрүп турат. Кыргызстан бийлиги Акаев өлкөгө кайтып келсе суракка алынарын билдирип келет.

Курманбек Бакиев (Кыргызстан)

© Фото / Нина ГоршковаКурманбек Бакиев Бишкектен алгач Жалал-Абадга, ал жактан Казакстанга, анан Белоруссияга качкан
История независимого Кыргызстана в архивных кадрах - Sputnik Кыргызстан
Курманбек Бакиев Бишкектен алгач Жалал-Абадга, ал жактан Казакстанга, анан Белоруссияга качкан
Президенттик жылдары: 2005-2010

"Жоогазын" революциясынан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев тилекке каршы, мурдагы ажонун жолун улаган. Анын убагында коррупция күчөп, саясий оппоненттер жана журналисттер өлтүрүлүп, үй-бүлөлүк режим мурдагыдан да күч алган. 2007-жылы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген Бакиев парламентти таратып, жаңы шайлоо өткөргөн. Жыйынтыгында жаңы түзүлгөн бийликтин "Ак Жол" партиясы көпчүлүк мандатка ээ болгон.  Ал эми уулу Максим Бакиев өлкөдөгү эң таасирдүү адамга айланса, башка туугандары маанилүү мамлекеттик кызматтарды  ээлеп турган.

2009-жылкы президенттик шайлоодо Бакиев 90 пайыз добуш менен жеңишке жетет. 2010-жылы 7-апрелде өлкө оппозициясы массалык каршылык акцияларын өткөрүп Бишкекти колго алат. Ал эми Бакиев Жалал-Абад шаарына качат. Ал жерден алгач Казакстанга өтүп, андан соң Белоруссияга кетет. Мурдагы президент сыртынан 25 жылга кесилгени менен Белоруссия аны Кыргызстанга экстрадициялоодон баш тарткан. Курманбек Бакиев азыр бул өлкөдө ээн-эркин жашап келет.

Зин эль-Абидин Бен Али (Тунис)

© AP Photo / Hatem MoussaТунис президенти Бен Алинин режимине каршы митинг
Митинг против президента Туниса Зина Эль Абидина Бен Али - Sputnik Кыргызстан
Тунис президенти Бен Алинин режимине каршы митинг
Президенттик жылдары: 1987-2011

Бен Алинин убагында Тунис экономикалык жактан өнүгүп, калктын жашоо-шарты жакшырган. Бирок анын эң чоң кемчилиги жубайы Лейла Бен Алинин ар бир сөзүн аткаргандыгында болгон. Тунистеги баалуу делген бардык нерсеге ээлик кылган Лейла жана анын үй-бүлөсү жек көрүндүгө айланган. Ажо 2010-жылдагы президенттик шайлоого катышпасын айткан, бирок жубайы талапкерлигин коёру калктын кыжырына тийген.

Жашоо-шарттын жакшы болгону менен авторитардык режим коррупцияга жана жумушсуздукка жол ачкан. 2010-жылдын 17-декабрында көчөдө мөмө-жемиш саткан Мухаммед Буазизи бийликтин адилетсиздигине каршы өзүн-өзү өрттөгөн. Жыйынтыгында массалык акциялар башталып, президент 2011-жылдын башында Сауд Аравиясына качкан. Ага Жидда шаарынан королдук хансарай берилген. Бен Али өзү менен кошо бир жарым тонна алтын да чыгарып кеткени айтылат.

Виктор Янукович (Украина)

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүВиктор Янукович Украинаны 2010-2014-жылдары башкарып келген
Допрос В. Януковича в режиме видеоконференции в качестве свидетеля по делу о беспорядках в Киеве в феврале 2014 года - Sputnik Кыргызстан
Виктор Янукович Украинаны 2010-2014-жылдары башкарып келген
Президенттик жылдары: 2010-2014

Мародерлуктан мүрзөгө чейин. Сүрөттөгү Апрель революциясы - Sputnik Кыргызстан
Мародерлуктан мүрзөгө чейин. Сүрөттөгү Апрель революциясы
Виктор Януковичтин режими коррупция жана салыктардын көбөйүшү менен коштолгон. 2013-жылы ал Европа биримдиги менен Украина арасындагы биригүү тууралуу макулдашууга кол коюудан баш тартып, өлкөдө каршылык акциялары от алат.  Бирок дүйнөлүк коомчулукта ал каршылык иш-чараларына алдыртан кызыкдар болгон чет тараптар дем берип, колдоо көрсөткөн деген пикирлер айтылып келет.

Өлкөдө күчөгөн массалык каршылык акцияларынан улам Янукович Украинадан чыгып кеткен. Анын азыр Россияда жашаарын ЖМКлар жазып чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0