Салык декларациясын тапшыруу 2-апрелге чейин узартылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСалык декларациясы. Архив
Салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке жактар 1-марттан тарта салык декларациясын тапшырып баштаган болчу

БИШКЕК, 30-мар.— Sputnik. Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү дем алышка туш келгендиктен, салык декларациялары 2-апрелде да кабыл алынат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Андыктан декларация тапшырууга үлгүрбөй калган жеке жактар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 2-апрелде да тапшыра алышат.

"Жарандарга ыңгайлуу болуу үчүн бардык салык органдары Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) дем алыш күндөрү жана 2-апрелде саат 9.00дөн тартып түн ортосуна чейин кабыл алышат", — деп айтылат маалыматта.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: аткаминерлер бюджетке 800 млн. сом зыян келтирди
Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү, жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырган дыйкан жана фермердик чарбалар БСД тапшырууга милдеттүү.

Жеке жактардын БСД тапшыруу мөөнөтү 1-мартта башталган болчу.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Толук маалыматты Салык кызматынын 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0