Бүгүн Москва шаарындагы соода жайлардын көбүндө кыргыз товарлары сатылат

Жазылуу
Москвадагы дүкөндөргө кыргызстандык 30дан ашык өндүрүшчүлөр өз продукцияларын алып бара тургандыгы айтылды

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Москва шаарында бүгүн "Кыргыз товарлар күнү" деп аталган акция өтөрүн Экономика министрлигинен кабарлашты.

"Бул — кыргыз продукцияларынын сыртка таанытуудагы маанилүү иш-чаралардын бири. Андан сырткары, кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүдө да пайдасы зор", — деп Экономика министри Артем Новиков ишкерлер менен болгон жолугушууда белгилеген.

Грецкий орех - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ айдыңында талашка түшкөн Кыргызстандын 9 товары. Тизме
Аталган акциянын алкагында Москванын соода жайларында кыргыз продукцияларынын бурчу уюштурулат. Ал жерде каалаган адамдар КРдин азыктарынын даамын татып, жасалган буюмдарды көрүп, сатып ала алат. Кызыккандарга кенен маалымат берилмекчи.

Москвадагы дүкөндөргө кыргызстандык 30дан ашык өндүрүшчүлөр өз продукцияларын алып бара тургандыгы айтылды.

Буга чейин Кыргызстандын азык-түлүгү Россиянын 13 миң дүкөнүндө сатылары кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0