Ажал оозунан кайтып... Тажикстандыктар Кемероводогу өрттөн кишилерди куткарып калган

© Sputnik / Александр Патрин / Медиабанкка өтүүПожар в торговом центре «Зимняя вишня» в Кемерово
Пожар в торговом центре «Зимняя вишня» в Кемерово - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Махмуд Ходжаев менен Фарзон Салилов кырсыкка чейин эки жума мурда бут кийим саткан дүкөнгө ишке орношушкан

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Тажикстандык Махмуд Ходжаев менен Фарзон Салимов Кемероводогу "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрттөн 50гө жакын адамды куткарып калган. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан россиялык басылмаларга шилтеме берип жазып чыкты.

Фарзон сатуучу болуп иштеп жүргөн болсо, Махмуд бут кийим саткан дүкөндө кароолчу болуп эмгектенген. Алар бул жакка эки жума мурда ишке орношушкан. Соода үйүндө өрт чыкканда алар башка адамдарга сыртка чыгууга жардам көрсөтүшкөн.

"Эл ызы-чууга түшүп экинчи кабатта чуркап жүрүшкөнүн көрүп калдык. Анан биздин бөлүмдө жайгашкан кошумча эшикти ачтык. Имаратты толугу менен түтүн каптап кеткенде өзүбүз дагы сыртка чыктык", — деп Фарзон эскерди.

Акции в память о погибших при пожаре в ТЦ Зимняя вишня - Sputnik Кыргызстан
Кемероводогу өрттөн каза тапкандардын санын бурмалаган пранкерге өкүм чыкты
Махмуд Ходжаев күйүп жаткан борбордун ичинен элди куткарганын тастыктап, бирок окуяны кайра эстөө ал үчүн оор болуп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, 25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда өрт чыккан. Өрт кантип башталганы видео байкоого түшүп калган.

Бул трагедия Россиядагы эң чоң төрт өрт кырсыктын бири катары эсептелүүдө. 1999-жылы Самарада Ички иштер башкармалыгында тилсиз жоо 57 өмүрдү алып кеткен. 2007-жылы Краснодар аймагындагы карылар үйүндө чыккан өрттөн 63 киши каза тапкан. 2009-жылы Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" клубунда чыккан өрттөн 153 адам өмүрү менен коштошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0