Бишкекте ысык суу эмнеге муздап кетти? Энергохолдингдин жообу

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүВанна. Архив
Ванна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бир катар тургундар ысык суу муздап кеткенин айтып, социалдык тармактарга жазышкан болчу

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкек ТЭЦти кадимки тартипте иштеп жатканын, эч кандай бузулуу болбогонун "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле жайкы режимге өткөндүктөн ысык суунун температурасы төмөндөп кеткени маалыматта айтылат.

"Суу "Бишкекжылуулуктармактары" ААК аныктаган режим-диспетчердик графигине жараша ысытылууда. Ишкана тарабынан 66 градустагы ысык суу берилип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча Кытай компаниясы үн катты
Жылытуу убагында ысык суу 5 магистраль менен берилсе, жайкы маалда бир куур аркылуу жана циркуляциясы жок берилет.

Андан сырткары, айрым аймактарда ысык суунун температурасы түрдүү шарттардан улам — суу айланбай туруп калганда төмөндөшү ыктымалдыгы айтылды.

Эгер кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болсо, 1980 же 61-11-69 номердеги колл-борборго чалып, адистерди чакырса болот.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар тургундар ысык суу муздап кеткенин айтып, социалдык тармактарга жазышкан болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0