Өкмөт: айыл чарба техникаларынын дээрлик 80 пайызы эскирди

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүЖизнь марийцев в селе Малая Тавра
Жизнь марийцев в селе Малая Тавра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер быйыл Кыргызстанда жазгы талаа иштери эки жумага эрте башталганын айтты

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Быйыл аба ырайынан улам жазгы талаа иштери былтыркыга салыштырмалуу эки жумага эрте башталганын вице-премьер Дайыр Кенекеев өкмөт башчы төрагалык кылган жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча облус жана район жетекчилеринин катышууусундагы селектордук кеңешмеде билдирди.

Кенекеев быйыл республика боюнча 584,1 миң гектар жерди айдоо пландалганын, бүгүнкү күнү 123,3 миң гектар жерде жумуштар аткарылганын айтты.

Вице-премьер ошондой эле өлкөдөгү айыл чарба техникаларынын дээрлик 80 пайызы эскилиги жеткенин белгилеп, буга байланыштуу дыйкандарга жана фермерлерге лизингдик насыяларды берүүнү активдештирүү жана кеңейтүү зарылдыгын айтты.

"Техниканы лизингге берүү үчүн тийиштүү каражаттар бар, бирок көп учурда тиешелүү министрликтер жана жергиликтүү бийликтер аталган маселени чечип берүүнү кечиктиришет", — деди Кенекеев.

Техника илимдеринин кандидаты жана фермер Манас Саматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Саматов: дыйканга керексиз техникалар таңууланып сатылууда
Өкмөт башчы Исаков "РСК Банк" ААК жана "Айыл банк" ААКтын жетекчилигине жер-жерлерде жеңилдетилген насыяларды берүү процессинин ачыктыгын жана тазалыгын камсыз кылууну буюрду.

Өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрүнө бул маселени көзөмөлгө алууну тапшырды. Андан сырткары, жазгы талаа иштери жүзгүзүлгөн мезгилде күйүүчү-майлоочу материалдардын баасын тыкыр көзөмөлгө алуу жана фермерлерди жетишерлик өлчөмдө камсыз кылууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0