20:24 19 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8489
  • EUR75.4648
  • RUB1.0967

Иргашев: аймактан келген абитуриентке жеңилдик берилиши керек

Коом
Кыскача шилтеме алуу
12010

Агрардык университеттин биринчи проректору, профессор Алмазбек Иргашев Кыргызстандын ЖОЖдоруна өтпөй калган абитуриенттер Россия жана Казакстандан билим алып жаткандыгын айтты

Аймактан келген абитуриентке жеңилдик берилиши керек. Бул тууралуу Алмазбек Иргашев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аймактан келген бүтүрүүчүлөрдүн айрымдары ЖРТдан 110дон төмөн упай алып, Кыргызстандагы ЖОЖдордон билим ала албай жатышат.

"Университетке өтүү үчүн ЖРТнын жыйынтыгы эң аз 110 упайды түзүшү керек. Бирок аймактардан келген бүтүрүүчүлөр босого чектен өтө албай, Казакстан жана Россиянын окуу жайларына билим алууга кетип жатышат. Ал жакта ЖРТнын жыйынтыгын карабай эле, аз упай алгандар да окууга өтүп жатат. Бул себептен аймактардан келген абитуриенттерге жеңилдик берилиши керек", — деди профессор.

Ал чет мамлекеттен билим алып жаткан жаштардын өз өлкөсүнө келип, пайдасын тийгизиши күмөн жаратарын кошумчалады.

Тема боюнча

Чет өлкө кыргызстандыктар үчүн бөлгөн гранттык орундар. Окууга өтүүнүн шарт-талабы
Белгилер:
балл, абитуриент, жаштар, билим

ЭҢ МААНИЛҮҮ