Саентология чиркөөсүнө КРде тыюу салынганбы? Рон Хаббарддын окуусу тууралуу

© AP Photo / Richard VogelСаентология чикөөсү. Архив
Саентология чикөөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөз латын жана грек тилинен алынып, "билимди үйрөнүү" дегенди түшүндүрөт

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Саентология чиркөөсү 1954-жылы 18-февралда америкалык фантаст-жазуучу Рон Хаббард тарабынан Лос-Анжелесте негизделип, ал диний идеяга жана ийгиликке жетүүнү эңсеген кишилерге багытталган.

Интернеттеги ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Европанын көпчүлүк мамлекеттеринде Саентология чиркөөсү секта жана коммерциялык эмес уюм катары эсептелет. Айрымдарында анын ишмердигине тыюу салынган.

Саентология деген эмне?

Теспе кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Инкар-Йакын" диний кыймылы кантип пайда болгон?
Латын тилиндеги scio жана грек тилинен λόγος сөзүнөн алынып, "билимди үйрөнүү" (Знание знания) дегенди түшүндүрөт.

Саентологиянын жактоочулары өздөрүнүн окуусун дин же билим тууралуу илим деп аташат.

Ал эми окумуштуулар менен дин таануучулардын басымдуу бөлүгү саентологияны жалган илим жана анын жактоочуларын карьералык, чыгармачылык жана жеке турмушунда ийгиликке жетүүгө ишендирүүчү "деструктивдик тоталитардык секта" деп эсептешет.

Саентологиянын көз карашы салттуу диндердин жана философиялык окуулардын түрдүү аралашмасынан турат. Ошондой эле Хаббардын чыгармаларынын сюжеттерине таянат. Саентологиянын мазмуну адамдар түбөлүк жашай турган макулук, алар башка планетадан келип өздөрүнүн чыныгы жаратылышын унутуп калган деген ишенимине негизделет. Бирок саентологиянын толук доктринасы бир да жолу толук жарыяланган эмес.

Саентологиянын негизделиши

Хаббард жаңы окуунун негиздери менен 1930-жылдардын башында алектене баштаган. 1951-жылы "Дианетика: акыл-эс жөнүндөгү заманбап илим" ("Дианетика: современная наука о разуме") деген алгачкы китебин жарыялап, АКШда коомдук кызыгууну жараткан. Бир жылдан кийин дианетиканын негизинде саентологиялык окууну түзгөн. 1952-жылы март айында Канзаста "Саентология: алгачкы учур" ("Саентология: первая веха") аттуу лекцияларды окуй баштаган.

Ал эми 1954-жылы 18-февралда Лос-Анжелес шаарында (Калифорния штаты) Саентология чиркөөсүн негиздеген.

Себат билим берүү мекемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Себаттын" аталышы "Сапат" болуп өзгөрдү
Кийин Хаббард өз окуусунун негизине таянып бир катар китептерди жазган. Алар: "Дианетика: акыл-эс жөнүндө заманбап илим" ("Дианетика: современная наука о разуме") (1950), "Саентология: жашоонун маңызы" ("Саентология: основы жизни") (1956), "Бакытка карай жол" ("Дорога к счастью") (1981) жана он томдон турган "Жердин миссиясы" ("Миссия Земля") (1985-жылдан тарта).

1986-жылы Хаббард каза болгондон кийин анын жактоочулары эки агымга — Саентология чиркөөсү (расмий агым) жана "Эркин аймак" ("Свободная зона") деп экиге бөлүнүп кеткен. "Эркин аймак" бирдиктүү эмес жана борборлоштурулбаган коом болуп саналып, Батыш Европада жайылган.

Кыргызстанда качан каттоого алынган

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Саентология чиркөөсү Кыргызстанда диний уюм катары каттоого алынганын айтып берди.

"Кыргызстанда Саентология чиркөөсү 2001-жылы 31-январда диний уюм катары каттоодон өткөн. Бирок алар мистикалык бетме-бет жолугушууларды, психиканын элементтерин камтыган сеанстарын лицензия албастан жүргүзүп келгендиктен 2012-жылы уюмдун эсептик каттоо күбөлүгүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы кайтарып алган. 2013-жылы чиркөөнүн сотко берген арызы канааттандырылбагандыктан чиркөө 2014-жылы өзүн-өзү жойгон", — деп комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Андыктан Саентология чиркөөсү Кыргызстанда жабылган.

Мечеть Айя Софья в Ганновере, на севере Германии - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: диний окуу жайларына бакалавр, магистратура деңгээлдерин киргизүү керек
Ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы өлкөдөгү диний уюмдарды текшерип, айрымдарынын лицензиялары алынып, кээсине эскертүү берилип жаткандыктан өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган мекемелердин тизмеси жаңыланып жарыяланарын кошумчалады. Учурда мекеменин сайтында өлкө аймагында тыюу салынган 20 гана диний уюмдун тизмеси бар.

Тыюу салынган өлкөлөр

Интернеттеги ачык маалыматтар боюнча Саентология чиркөөсүнүн ишмердигине Австралияда, Англияда, Жаңы Зеландияда, Грецияда (адам уурдоо боюнча айыпталып) тыюу салынган. Ал эми Германияда, Улуу Британияда, Бельгияда аталган агымдын өкүлдөрүнө карата сот отурумдары өткөн. Россияда соттун чечими менен Москва менен Санкт-Петербург шаарындагы Саентология чиркөөлөрү жоюлуп, ишмердигине тыюу салынган.

Ал эми Казакстанда 2012-жылдын аягында тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0