Красноярскиде КР консулдугуна таандык жолтандабас кармалдыбы?

© AFP / TORU YAMANAKAЖол тандабас. Архив
Жол тандабас. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын элчилиги маалыматты тактап жатат

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россиянын Красноярск крайында автоинспекторлор дипломатиялык номер тагылган Кыргызстандын консулдугуна таандык унааны токтоткондугу тууралуу маалымат тарады.

"ЧП Красноярск" коомчулугунун активисттеринин айтымында, 143 D 001 24 rus номерлүү Toyota Land Cruiser Prado унаасынын айдоочусу машинаны мас абалында айдап бараткан. Видео YouTube каналына жарыяланган.

"7 канал Красноярска" каналынын маалыматы боюнча айдоочу "кызыл номеринен" улам тез эле кое берилген.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымат такталып жатканын билдирди.

Дипломаттык мамилелер жөнүндөгү Вена конвенциясына ылайык дипломат жана анын унаасы кол тийгис болуп эсептелет. Автоунаа жол эрежесин бузгандыгы тууралуу маалымат берүү үчүн гана токтотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0