Үндүктөрдү арачалаган бөбөктүн атасы: уулум мекиян талашкан короздор менен кармашты

© Фото / Исламидин ИлязовОштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жашоочусу, 4 жашар Абдулбарри Илязов
Оштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жашоочусу, 4 жашар Абдулбарри Илязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармакта талкууга түшкөн видео февраль айынын орто ченинде Ноокатта тартылган. "Рефери" бала болгону төрт жашта.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Социалдык тармактарга урушуп жаткан үндүктөрдү канатынан тартып, мойнунан кармап ажыратып жаткан кичинекей бөбөктүн видеосу тараган. Бир нече күндөн бери аны көп адам бөлүшүп, жылуу сөз айтып, "бала рефери" деп атап алышкан. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ошол баланы таап, атасы Исламидин Жаанов менен маектешти.

Үндүктөрдү арачалаган бөбөк 4 жашта, аты Абдулбарри Илязов. Учурда Оштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жашайт. Талкууга түшкөн видео үстүбүздөгү жылдын 13-февралында тартылган.

© Фото / Исламидин ИлязовАбдулбарри эч нерседен тартынбаган, чыйрак бала. Үйдөгү жаныбарлардын баары менен дос болуп алган
4-летний житель села Кара-Таш Ноокатского районаАбдулбарри Илязов - Sputnik Кыргызстан
Абдулбарри эч нерседен тартынбаган, чыйрак бала. Үйдөгү жаныбарлардын баары менен дос болуп алган

"Үйдүн алдында иш кылып жатсам ызы-чуу болуп калды, карасам Абдулбарри төрт үндүктү арачалап жатыптыр. Үч короз бир мекияны талашып урушуп жаткан экен. Бир маалда балам жыгылып түштү эле, үндүктөр аны тебелеп кетти. Ага карабай кайра туруп бир үндүктүн канатын тартканда мекияны качып кетти. Аябай кызыктуу болду, бирок видеого тарта албай калдым. Мен тартып баштаганда экөө эле чокулашып калган. Анан аларды ажыратууга өттү. Үндүктөр бири-бирине өчөшүп калган окшойт, кармаса да коё бербей бир топко чейин урушту", — деди Жаанов.

© Фото / Исламидин кызы ГулифарҮндүктөрдү арачалаган 4 жаштагы Абдулбарри Илязов ата-энеси менен. Алар Оштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жашайт
Үндүктөрдү арачалаган 4 жаштагы Абдулбарри Илязов ата-энеси менен. Алар Оштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жашайт - Sputnik Кыргызстан
1/2
Үндүктөрдү арачалаган 4 жаштагы Абдулбарри Илязов ата-энеси менен. Алар Оштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жашайт
© Фото / Исламидин ИлязовБөбөк социалдык тармакка тараган видеодо мекиян талашкан короздор менен кармашып жаткан
Бөбөк социалдык тармакка тараган видеодо мекиян талашкан короздор менен кармашып жаткан - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бөбөк социалдык тармакка тараган видеодо мекиян талашкан короздор менен кармашып жаткан
1/2
Үндүктөрдү арачалаган 4 жаштагы Абдулбарри Илязов ата-энеси менен. Алар Оштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жашайт
2/2
Бөбөк социалдык тармакка тараган видеодо мекиян талашкан короздор менен кармашып жаткан

Баланын атасы айылда жылкы багып, ээр чабуу менен алектенет. Мындан сырткары, дыйкынчылык да кылат. Үндүктөрү деле анча көп эмес, он чактыдай бар. Атайын кызыгып үндүк менен баланы таразага тартып көрсө, канаттуу 2,5 килограммга оор чыккан.

"Муну өзүбүз интернетке чыгарган жокпуз. Туугандарыбызга WhatsApp аркылуу жиберсем, тарап кетиптир. Негизи эч нерседен тартынбаган, өзүнө тың, чыйрак бала. Үйдөгү жаныбарлардын баары менен ойнойт. Үндүктөр урушуп жатканда бул барып ажыратса, улуу эжелери коркуп ары жакта карап турушкан. Кээде кой десек болбой жайдак тайга минип алып чабам дей берет", — деди ал.

Кыргызстандык ырчы Нурлан Насип. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак кызыктары: болочок жарын тапкан Нурлан, заматта миллионер болгон Акжол
Абдулбарри жети бир туугандын эң кичүүсү. Эки агасы, төрт эжеси бар. Айылда жүргөндө да баланын кызыктуу окуялары көп болот экен.

"Жакында эле көчөдөн чуркап кирип "ата, эки кызды сүйүп калдым, алып бересизби?" десе болобу. Таң калып эмнеге экөө деп сурасам, эже-сиңдилер экенин айтат. Көрсө алар Россиядан келген коңшу келиндин 5-9-класста окуган кыздары экен. Көчөдөн кезигип "мынча сулуу баласың, мени аласыңбы?" дегенде "ооба" деп жооп берсе "бар, анда атаңдан сурап кел" деп коюшкан экен. Телефондон да түрдүү машиналарды көрөт. Мен үйдө жок болчумун, айылга экскаватор келген экен, болбой апасын ээрчитип барып айдоочунун жанына отуруп келиптир", — деди наристенин атасы.

© Фото / Исламидин ИлязовАбдулбарри жети бир туугандын эң кичүүсү. Өзүнөн улуу эки агасы жана төрт эжеси бар.
4-летний житель села Кара-Таш Ноокатского района Абдулбарри Илязов - Sputnik Кыргызстан
Абдулбарри жети бир туугандын эң кичүүсү. Өзүнөн улуу эки агасы жана төрт эжеси бар.

Буга чейин 8 жаштагы караколдук Албанали жаныбарлар туурасында эл билбеген кызыктуу фактыларды айтып, Максим Галкиндин "Лучше всех" долбооруна катышып келген. Ал жеткинчек Sputnik Кыргызстан агенттигине да келип төгүлүп-чачылып маек берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0