Криптовалютанын жарнамасы Twitter баракчасынан өчүрүлөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБиткоин тыйындары. Архив
Биткоин тыйындары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Facebook менен Google дагы криптовалютага байланыштуу жарнамалар чыкпай турганын жарыялаган

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Twitter компаниясы Facebook жана Google сыяктуу эле криптовалютаны жарнамалоого чектөө киргизгени жатат. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия жазып чыкты. 

"Twitter компаниясы жакын арада криптовалюта, криптокапчык жана виртуалдык валютага байланыштуу жарнамаларга тыюу салат. Бирок мындай валюталар тууралуу расмий билдирүүлөргө чектөө коюлбайт", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Facebook виртуалдык валюта боюнча жарнамаларды чыгарууга тыюу салган. Кийин Google компаниясынын өкүлдөрү дагы криптовалютаны жарнамалоого 2018-жылдан тарта чектөө коюларын жар салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0