Политехтеги мушташ: кафедра башчысы менен аспиранттар иштен алынды

Жазылуу
Өткөн жумада окуу жайдын Экономикадагы маалыматтык система кафедрасынын мугалими кесиптештери тарабынан сабалганын билдирген

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кафедра башчысы менен эки аспирант иштен алынды. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти.

"Кафедра башчысы менен эки аспирант иш учурунда спирт ичимдиктерин ичкендиктери үчүн иштен бошотулду. Ал эми мугалимдердин тартибин бекем сактабаган инженердик-экономикалык факультеттин деканына сөгүш жарыяланды", — деп айтылат маалыматта.

Случаи насилия в семье - Sputnik Кыргызстан
Кудайбердиева: мугалимдердин оройлугу окуучулардын өз жанын кыюусуна себеп болууда
Эске салсак, өткөн жумада окуу жайдын Экономикадагы маалыматтык система кафедрасынын мугалими кесиптештери тарабынан сабалганын билдирген. Ал жумушка келген кезде деканаттын бөлмөсү ичинен жабык болгон. Кабинеттен майрамдап жаткандай үндөр чыгып жаткан. Ал күзөтчүлөрдүн жардамы менен эшикти ачтырган, бирок кафедра башчысы ага ороңдоп "иштен алып коем" деп коркуткан. Ал эми берки эки аспирант мугалимге кол салган.

Окуя болгон жерге 102 кызматынын батальону келип, кафедра башчысын милициянын бөлүмүнө жеткирген. Мугалим арыз жазган. Жабырлануучунун айтымында, дарыгерлер анын баш мээси чайкалганын айтып, колуна гипс коюшкан.

Бишкек ШИИБ аталган факты каттоо китебине киргизилип, Биринчи Май райондук ИИБ иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0