Тарых музейине жаңы жетекчи дайындалды

Жазылуу
Мурдагы жетекчи директордун илимий иштер боюнча орун басары болуп иштемекчи

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Улуттук тарых музейине жаңы директор болуп Кеңешбек Алмакүчүков дайындалды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

"Кеңешбек Алмакүчүков 54 жашта. Доцент, экономика илимдеринин доктору. Ал эми мурдагы жетекчи Анаркүл Исираилова директордун илимий иштер боюнча орун басары болуп иштемекчи", — деп жазылган маалыматта.

Музейге жакында эле президенттин Жарлыгы менен "Улуттук музей" макамы ыйгарылган.

Ушу тапта музей реконструкцияланып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Тарых музейинен 503 экспонат жоголуп, М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейинен 100гө чукул буюм табылбай калганы маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0