Таласта аял балдарынын көзүнчө зордукталганбы? ИИМдин жообу

© AP Photo / Marcelo RuizЭшиктин артында турган аял. Архив
Эшиктин артында турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпыга маалымдоо каражаттарында Талас районунда эркек киши аялдын үйүнө кирип барып, балдарынын көзүнчө зордуктап, баалуу буюмдарын уурдап из жашырган деген маалымат тараган.

БИШКЕК, 25 мар — Sputnik. Талас районунун Чат-Базар айылында аял балдарынын көзүнчө зордукталды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жалпыга маалымдоо каражаттарында 10-март күнү кечинде эркек киши аялдын үйүнө кирип барып, балдарынын көзүнчө зордуктап, андан соң баалуу буюмдарын уурдап из жашырган деген маалымат тараган.

Азырынча окуянын болгон күнү жана зордуктоо аракети гана болгону такталды. Бирок аял доом жок деп тосмо арыз жазып берген. 

"Эркек киши аялдын үйүнө мас абалында келип зордуктоого аракет жасаган. Кыйкырыктан кошуналары келип, милиция чакырган. Аталган факт боюнча айылдын 29 жаштагы тургуну кармалган. 33 жаштагы жабырлануучу доосу жок экендигин билдирген", — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле министрлик эркек киши баалуу буюдарды уурдаган деген маалыматты да четке какты.

Жаңылыктар түрмөгү
0