Жээнбеков: марттагы революция "туура жолдон тайбагыла" деп эскертип турат

© AFP / ALEXANDER NEMENOVСитуация в Кыргызстане во время мартовских событий 2005 года
Ситуация в Кыргызстане во время мартовских событий 2005 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн "жоогазын ыңкылабы" деп аталган ири саясий окуяга 13 жыл толду.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революциянын 13 жылдыгына байланыштуу элге кайрылуу жасап, бул күн эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхында өзгөчө орунду ээлерин айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"2005-жылдын 24-мартында Кыргызстан эли адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка жана үй-булөлүк-кландык башкарууга каршы көтөрүлгөн. Кылымдарды карыткан кыргыз эли майтарылбас кайратын, эркиндикти жана адилеттикти баарынан бийик тутаарын дагы бир ирет далилдеген. Тилекке каршы, элибиздин калыс бийликти, адилет башкарууну орнотобуз деген ошондогу үмүтү акталбай, элдик революция максатына жетпей калды. Элдин кызыкчылыгы тебеленип, мурдагыдан да катаал үй-бүлөлүк режим орноп, мамлекеттин байлыгы тонолду. Баш көтөргөндөр куугунтукталып, бийлик айрымдарын өлтүргөндөн кайра тартпады", — деп айтылат кайрылууда.

Акаевдин бийликтен баш тартышы: өлкөнү дүрбөткөн 12 күн
Президент ошондой эле марттагы элдик революцияны унутууга эч кимдин акысы жок экенин баса белгилеп өткөн.

"Эгемендүү мамлекетибиздин соңку тарыхындагы алгачкы элдик революцияны биз эч качан эстен чыгарууга акыбыз жок. 2002-жылдагы Аксы окуяларынан, 2005-жылдагы март элдик революциясынан сабак алууга милдеттүүбүз. Элдин эрки, апрель революциясынын шарапаты менен бизге экинчи ирет тарыхый мүмкүнчүлүк берилди. Элдин ишенимине ээ болгондо гана бийлик күчтүү болот. Марттагы революциянын сабактары бизди бийик максатка багыттап, туура жолдон тайбагыла деп ар дайым эскертип турат", — деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

Эске салсак, бүгүн, 24-мартта "жоогазын ыңкылабы" деп аталган ири саясий окуяга 13 жыл толду. Анда Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет бийлик күч менен алмашып, биринчи ирет президент өлкөдөн качып чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0