Түркияда өлтүрүлгөн кыргызстандык кыздын сөөгүн алып келүүгө аракеттер көрүлүүдө

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын Денизли провинциясында 19-мартта Памуккале — Аккөй трассасында эртең менен 26 жаштагы кыргызстандык кыздын сөөгү табылган

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Түркиянын Денизли провинциясында киши колдуу болгон 26 жаштагы кыргызстандык кыздын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын КР Тышкы иштер министрлиги элчиликке таянуу менен билдирди.

"КРдин Түркиядагы элчилиги Стамбул шаарындагы башкы консулдугу, маркумдун туугандары жана кыргыз диаспорасы менен биргеликте сөөктүн Стамбулдан Кыргызстанга бекер алып келүү маселелери каралууда", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Түркиянын Денизли провинциясында 19-мартта Памуккале — Аккөй трассасында эртең менен 26 жаштагы кыргызстандык кыздын сөөгү табылган. Ал муунтуп өлтүрүлгөнү айтылган. 20-мартта адам өлтүрүү шектүү делип 30 жаштагы жаран кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0